Menu

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору эс алуучу жайларды көзөмөлдөйбү?

Бөлүшүү:

Жайдын келиши менен көлдүктөрдө сезон ачылаарын жакшы билебиз. Ысык-Көлдү бойлой жайгашкан кылка тизилген эс алуучу жайлардын толук санын эч ким билбейт чыгаар. Бирок сезон ачылаар алдынан көпчүлүк эс алуучу жайлар, пансионаттар тиешелүү текшерүүдөн өтөбү? Бүйүрдү кызыткан бул суроо эс алуучулар тарабынан кимге, кайсы органга берилүүсү керек, ким жооп берет деген талаш маселени жаратууда. Жеке менчик пансионаттар, конок үйлөрү тууралуу, алардын санитардык, техникалык абалы тууралуу өзүнчө сөз болот. Ал эми мамлекеттин эсебинде турган бир канча эс алуучу жайлар, лагерлердин учурдагы абалы өтө кейиштүү. Интернет желеде медицина кызматкерлеринин балдары эс ала турган «Ден соолук» борборунун учурдагы абалы өтө кызуу талкууланууда. Маалыматтар боюнча профсоюздан 6500 сомго путевка менен 10 күндүк эс алуу каралган. Шарттары, санитардык абалы мышык ыйлай турган деңгээлде. Интернер колдонуучулар “Ден соолук менен катар”, “Орбита”, “Аврора”, “Красная гвоздика” деген аталыштагы эс алуучу жайлардын ахыбалы дагы дал ушундай төмөн деңгээлде экендигин айтышууда. Ар бир путевка үчүн кеткен 6 жарым миң сом деле аз акча эмес. Эмнеге, каяка жумшалат? Балдардын эс алуусуна түзүлгөн шарттарды ким текшерип, алардын коопсуздугу кимдин мойнунда? Жатуучу бөлмөдөн баштап ашкана, даараткана, душ, пляж бардык жерде антисанитария. Колдонууга уруксат берип жатканда Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору эс алуучу жайларды көзөмөлдөйбү же алакан майлоо менен капчыкты кампайтып, көрмөксөн болуп кете береби?

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 + = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: