Menu

Биз билген, биз билбеген Бабанов

Бөлүшүү:

Бул жолу потенциалдуу талапкерлердин бири – Өмүрбек Бабанов тууралуу кеп кылабыз. Чынында эле Бабановдун саясаттагы, өкмөттөгү тажрыйбасы, финансылык мүмкүнчүлүктөрү жетиштүү экенин эч ким танбайт.

«ТҮСҮ ИЙГИДЕН ТҮҢҮЛБӨ»

Кыргыздар «Түсү ийгиден түңүлбө» дешет эмеспи, анын сыңарындай, Өмүрбек Бабановдун келишкен өңү-түсү, жылдар өтсө да сынынан жазбаган келбети анын саясий портретине кошумча штрих алып келүүчү жагдайдын бири десек болот. Эсиңиздеби, Бакиев бийлигине каршы уюштурулган айтылуу ноябрь митингдеринде, 2006-жылы ал телеканалдын көркү болуп, түз эфирден жалындуу чакырык таштап турбады беле. Мамлекеттик телеканал андай митингдердин жүрүшүн экранга чыгарбагандыктан, Бабанов менчик НТС каналы аркылуу байма-бай чыкканын эстейбиз. Саясаттан ат чабыми алыс кыз-келиндер да процесске тартылып, «Өмүрбек, Өмүрбек» деп кыйкырып турганы эске келет. Ошондон улам өң-түс, анан да азыркыча айтканда, харизмасы менен көп элдин назарын бурдуруп алуу ар бир саясатчынын кыялында тургандыр. Бирок саясаттын татаал жол, тайгак кечүүсүнө аралашып, анын сересине чыгуу үчүн, албетте, бир эле келишимдүү өң-түс менен адам алыска кете албастыр.

Картинки по запросу бабанов

БАЛА ЧАК

Саясат айдыңында Өмүрбек Бабановго упай алып келүүчү дагы бир жагдай—анын атасы Токтогулдун Талас өрөөнүнө белгилүү адам болгону. Союз убагында Токгогул Бабанов айтылуу «Россия» колхозун 20 жыл башкарып, Таласта алдыңкы чарба болсо, республика боюнча үчүнчү орунга татыктуу болуп, Кыргыз ССРинин депутаты болуп шайланган. Мына ушундай, атанын кадыры менен 2005-жылы Талас округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоого аттанганда, эл Өмүрбектин өзүн билбесе дагы, «иштермандын уулу» деген үмүт менен депутат шайлап коюшкан экен. Ошондо Кара-Буура округунан Өмүрбек Бабанов эң көп—22 400 добуш алганын айтып келип, атасы тууралуу буларды айткан. «Мен институтту жаңы бүтүп келгенде атам «Уулум, мен сага эң чоң байлыкты—биздин фамилиябызды калтырам. Аны сен татыктуу алып жүрүшүң керек» деген. Атам мени кичинемден дайыма жанына алып жүрчү. Көрсө өзү аралашып көрүп, көп нерсеге көзү каныксын дегенин мен кийин түшүндүм» дейт.  Бала чагын, атасын эскергенде Өмүрбек  Бабанов атасы саат беште ойончу экенин, өзүнчө жер алып, тамеки талаасында иштегендерин эскерет.

БАБАНОВДУН БИЗНЕСИ

Өмүрбек Бабановдун атасы айыл чарба адиси болуп, үйдөгү беш кыз арасындагы уулуна да айыл чарба адистигин аркалоого жол көрсөткөн. Москвадагы Тимирязев атындагы айыл чарба академиясын аяктаган. Бирок атасына окшоп, айыл чарба тармагында иштеген жок. Анын үстүнө атасы иштеген кездегидей колхоздор да тарап кеткен эле. Адегенде ишкерликте, бизнесте, андан кийин саясатта өзүн көрсөттү. Ал учур элдин баары ишкерликке, жеке бизнеске ыктаган кез эле.

Таластан анча алыс эмес жердеги, Казакстандын Тараз шаарындагы машинага май куюучу станция курган. Кийин Бишкекте «Альянс» нефтекомпаниясын түзүп, россиялык өнөктөштөрдү кызматташууга тарткан. Ушундай аталыштагы россиялык нефть компаниясы Россияда кеңири кулач жайган. Кийин 370 млн доллар инвестиция жумшап, Россиянын Пенза шаарына цемент заводун курган.

САЯСАТТЫН СЕРЕСИНЕ

Өмүрбек Бабанов саясатка келейин деген ою болбогонун, ишкер катары экономиканы көтөрөйүн деген тилеги болгонун айтып келет. «Мен ишкерлик багытында эле иштей берейин дегем. Бирок бизнес тармагында, «Альянс» компаниясында жүрүп, анда 700дөй киши иштечү эле, мамлекеттик иштерди анализ кылып, көп нерсеге нааразы болчу элем. Кайсы жерге кайрылба, пара талап кылышат же жасайын деген ишиңди министрдин же чондордун баласы алып кетет. Ошол себептен ишкер, бизнесмендерге жеңилдик алып келүү үчүн 2005-жылы Жогорку Кеңештин депутатгыгына аттангам» деп айтат.

Өкмөткө биринчи вице-премьер кызматына турганда да, премьер-министр болгондо да саясат менен алпурушпай, чарбачылык иштер менен алектенүүгө бел байлаганын айтып келет.

2010-жылы Өмүрбек Бабанов саясатка такыр аралашпайм дегени менен, саясаттын айдыңы аны коё берген жок. «Республика» саясий партиясын негиздеп, өз тарапкерлеринин башын бириктире алды. Бул партия кантсе да саясий стабилдүүлүктү орнотууга, мыйзамдык алкакта жашоого элди багыттады.

Партиянын ишинде башка партияларга сабак болоор жагдайлар да жок эмес. Алсак, шайлоо учурундагы үгүт иштеринде ар бир шайлоочуга түздөн-түз кайрылып иштегендиги ал партиянын ийкемдүүлүгүнөн кабар берет. Мисалы, жөн эле кагазга ручка менен жазып койбой, менин аты-жөнүм басмаканадан жазылып келип, мага түз кайрылган партия, албетте, мага жагат.

ТАШИЕВ МЕНЕН ТАНДЕМИ

Кийин саясий партия «Ата-Журт» партиясы менен биригип, «Республика-Ата-Журт» партиясына айланса, кайра Камчыбек Ташиев менен тандеми ыдырады. Бирок акыйкаттык үчүн айта кетүү парз—Бабанов Ташиев менен тандеми бузулуп жатканда да мурунку тарапташы тарабына таш ыргыткан учурун укпадык. Кантсе да саясий маданиятты сактап, ич ара ызы-чуусун коомчулукка чыгарбады. Анан дагы буга чейин аны өтө катуу сындап келген Ташиев менен компромисске бара алды. Бул жагынан көп саясатчылар Бабановдон үлгү алса болор эле.

Саясатчы катары Бабановдун дагы бир сапаты—анын тоонун ташындай көтөрүмдүүлүгү, кызуу кандуулукка алдырбаганы, ал тууралуу тескей тарапты жазган жалпыга маалымдоо каражаттары болобу, коомчулукка айткан саясатчы болобу, алардын бирин да сотко сүйрөбөдү. Көтөрүмдүүлүгү менен баарын жеңип келе жатат.

БАБАНОВДУН КҮЛҮК АТТАРЫ

Өмүрбек Бабановдун хоббиси—күлүк аттар экени көптөн бери айтылып келет. Эл аралык жана республикалык мелдештерде айтылуу күлүктөр анын ээсине байгелүү орундарды алып келип жаткандыгы маалым. Бирок ушул күлүктөрдүн аркасы менен чуулгандуу окуяга кабылып, премьер-министрлик кызматынан кол жууган жайы бар. Ал англиялык кымбат баалуу күлүк атты түркиялык бизнесменден кызмат абалынын аркасында белек катары алган деген «Ата Мекен» фракциясынын айыбына калган. Бирок Бабанов ал күлүк атты өз каражатына сатып алганын айтып келет.

Картинки по запросу бабанов конь

ТЕРС КАЙРЫК

Өмүрбек Бабанов тууралуу сөз болгондо анын жубайынын казак кызы экени баса белгиленип келет. Ошол себептүү ал ишкерлитин казак кайындарынын жеринде баштаган делет. 2007-жылы СДПК партиясынан ЖК депутаттыктыкка талапкерлигин койгондо Бабановдун казак жарандыгы бар экендигине байланыштуу, Бор-шайком тарабынан жарыштан четтетилип, бирок сот аркылуу казак жараны эмес экенин далилдеп, ЖК депутатынын мандатын алган. Бирок ал мандатын Роза Отунбаевага берген. 2010-жылы Отунбаева Убактылуу өкмөттүн төрайымы болуп келгенде, парламенттик коалиция түзүүнү тапшырган.

Ошондой эле анын апасы Бабанова Анипанын улуту кыргыз эмес экени да анын оппоненттеринин оозунда. Саясат айдыңындагы каршылаштары Бабановду бир учурда Аскар Акаевдин уулу Айдар менен, дагы бир кезде Курманбек Бакиевдин уулу Максим менен кызматташ болгон деп айыптап келишет. Бабановдун өзү болсо, Максимдин ЦАРИИси түзүлүп жатканынан кабар алгандан кийин биринчи вице-премьерлик кызматтан өз ыктыяры менен кеткенин белгилейт.

Картинки по запросу бабанов

Өмүрбек Бабановдун премьер-министр болуп иштеген кыска мөөнөтүндө, 8 айда да анын оппоненттери бир топ кине коюп келишет. Англиялык күлүктү кызматына байланыштуу пара катары алган деген айып, «Республика» партиясын дыйкандарга жеңилдиктер менен кредит берүү боюнча иш-аракеттери да сынга алынып келген.

Кантсе да күнгөй-тескейи болбогон саясатчы жоктур. Өмүрбек Бабанов да ошондой күнгөй-тескейи менен жоон топтогу саясатчынын бири. Бабановсуз биздин саясатты элестетүү мүмкүн эмес.

Булак: “ПолитКлиника”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: