Menu

Азамат Кыязов, журналист: ““Маалыматтык согуш” шылтоосу менен Сөзгө кишен салуу – кеменгерлик эмес. Кызмат абалынан пайдаланып, журналистке үстөмдүк кылуу – бул дагы даанышмандык эмес”

Бөлүшүү:

СӨЗ
Гезитте иштеп жүргөнүмдө, көңүл коңултактай түшсө эле “Жанмаанай” жаза калмайым бар эле, бүгүн да жазгым келди…
Кудай – биринчи, Сөз – экинчи. Сөз – Кудайдыкы…
Демек, Сөздү туткундаганга эч кимдин акысы жок! Сөз түгөнгөн жерде – тирүүлүк түгөнөт! Оо, кудуреттүү Кудай, өзүң кечир. Оо, улуу Сөз, өзүң кечир. Биз сени ириген оозго салдык, уу тамган тилге салдык, кечир, кечир…
Сөз кадырын күтө албай “сөрөйлөдүк”. Айтылган Сөз – атылган ок экенин аңдабадык. Сөз бакканга, Сөзгө аяр мамиле кылганга дараметибиз жетпеди. Сөз сүйлөсүн деп, Кудайдын улуу Сөзүн сүйлөсүн деп, журт башына Сөз бердик… Сөз жок…
Кечир, Сөз! Сени биз, сый-урматка, ынтымакка караганда чыр-чатакка, каргышка, сөгүшкө, калпка, жалаага, арамзалыгыбызды, уурулугубузду жаап-жашырган жалганчылыкка, алсыздыгыбызды, кошоматчылыгыбызды коргогон жасакерликке, булдуруктап-чулдуруктап аракчылыкка, арам көңүлгө беткап кылып жалапчылыкка, караңгы ойго от бүрккөн ушакчылыкка, түшүнбөй туруп сүйлөгөн түркөйлүккө, кесирликке, кусурлукка… анан, ыймансызды ыймандуу көрсөтүүгө жан далбас урган жасалмалуулукка пайдаланып келдик. Сени майдаладык. Тагыраагы, биз майдаландык. Молекуладай майдаландык. Майда адамдар чоң Сөз сүйлөй албайт экен. Сөз кутун учурдук. Бири-бирибизге Сөз сиңбей калды. Сөз атасы айтылбай жетимсиреди. Ошол жетим Сөзгө боштондук каалап, Сөзгө эркиндик сурап бийликке жалдырап… “Сөз эркиндиги” деген түшүнүк өзү, эгемендүү элдин карманаар туткасы эмей эмине.
Сөз менен жан баккан жазмакер Сөздөн коркпойт. Сөз менен жан баккан саясатчы Сөздөн коркот. “Маалыматтык согуш” шылтоосу менен Сөзгө кишен салуу – кеменгерлик эмес. Абалынан пайдаланып, журналистке үстөмдүк кылуу – бул дагы даанышмандык эмес. Кырк киши көчөгө чыгып кыйкырып Сөз сүйлөп койсо эле, мылтыгын асманга аткылап калуу – бул деле эстүү-баштуу башкаруу эмес.
“Өлгүлө!”, – деп кыйкырды, кечээ бир кыз. – “Каргышың кара башыңа!” – деп жооп кайрып же эркек каадасында укмаксанга салып басып кетишкен жок. 5-6 милийса “ит талаган түлкүдөй” алсыз кызды баса калып, колу-бутун бурап камакка сүйрөп баратканын интернет дүйнөгө таратты. Кыз да кыргыз, милийса да кыргыз. Уйпаланып, “жоюлуп бараткан” улутумдун кылык-жоругуна жооп таба албай, саясий шермендечиликти токтотуп калчу Сөз таба албай карайлаган мен да кыргыз… Кайран кыргыз, кайран Сөз…

Азамат Кыязов, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: