Menu

Элбарчын Калилова, ырчы: “Нестан Дарежанды бүгүнкү сүйүүнү даңазалоо үчүн ырдап чыктым”

Бөлүшүү:

Өзгөчө үндүү, элдик ырларды ийнине жеткире созгон чыныгы нукура кыргыз ырчысы, Т.Сатылганов атындагы филормониянын солисткасы Элбарчын КАЛИЛОВА менен маек курдук.

 Ак сүйүүнүн дайрасын кечип,

Азап-кайгы жүрөктү эзип, – деп Нестан Дарежанды ырдап чыгыпсың…

— Мына эми гана жаңы клибимди жарыкка чыгарып отурабыз. Буга чейин философиялык тематикалык, патриоттук ырлардын үстүндө иштеп жүрсөм, азыр элдин суроосу менен лирикага берилип, сүйүү тууралуу ырдап баштадым. Обончу Исрадин Аманбаев агабыздын “Нестан Дарежан” деген ырын ырдап чыктым. Клибин тарттык. Кар жаап, үшүп, ооруп турсак дагы чыныгы сүйүүнү элге даңазалагыбыз келди. Клиптеги башкы каарман Нестан Дарежанды өзүм ойнодум. Тариэл жана анын досторун белгилүү актерлор менкен биргеликте тарттык. Негизгиси азыркы жашоого ылайыкташтырууга аракетибиз болду. Эски сүйүүлөрдү эстей бербей жаңы сүйүү да бар экенин элге айткым келди.

— Жети кыздын эркеси болуп, турмуш жолуна аттана элек экенсиң…

— Ооба, жети кыз, бир уулду ата-энем бапестеп чоңойтуп, баарын тууруна кондурду. Баары турмуш жолуна аттанышкан. Азыр эркелеп мен эле турмуш жолуна аттанбай жүрөм. Маңдайыбызда жаркылдап отурган ата-энем азыр Ош облусунун Кара-Кулжа районунда небере жытын жыттап отурушат. Азыр  жыйырма беш жаштамын. Улуттук Т.Сатылганов атындагы филорманиянын солистимин. Улуттук илимдер академиясында культуролог болуп да эмгектенип келем.

— “Качан той жейбиз?” деп кулак кужуруңду алгандар көп болсо керек…

— Чыгармачылыктын изи менен изденип жүрүп, жеке турмушка көңүл деле буралбай калат экен. Толтура каттарды жазышат. Жуучулар келет. Бирок “кечирип коюңуздар” деп эле түшүндүрүп сыпайы узатам.

— Өзүңө кандай мырзалар жагат?

— “Кичине болсо да жүрөгүндө ыйман болсо, парыздарды, сүнөттөрдү аткарса, билими, акылы менен менден бийигирээк болсо” деп ойлоп калам. Чыныгы турмушта, үй-бүлөдө ыймандуу мырза болсо, баары жакшы болот. Анан дагы келбеттүү, кең далылуу мырзалар жагат.

— Сүйүү сезимине кандай карайсың?

— Чоң аалымдар жазгандай, дүйнөнү сактап турган сүйүү эмеспи. Сүйүүсүз кантип жашайсың? Сүйүүнү баркташ керек. Жүрөгүмдө бирөө болбосо, мен да ырдабайм да. “Нестан Дарежанды” атайын сүйүүнү даңазалоо үчүн ырдадым. Чыныгы сүйүүнү абдан баалайм. Бул Кудайдан келген керемет десем болот.

— Бүркүт тууралуу философиялуу ырың бар. Бул ырдан соң “Бүркүт” деген атка конупсуң…

— Ош мамлекеттик университетинин 3-курсунда окуп жүргөндө Эгемберди Талипов деген обончу агай ушул ырын сунуштады. Темасы “Бүркүттөр кыш чилдеде жумурткалайт” экен. Аны көрүп алып элге окшоп мен да күлдүм. Кайра карасам диапазону абдан кенен, оор, философиялуу ыр экен. Анча-мынча ырчылар ырдай албайт. Агай болсо “атайын сага арнап чыгардым. Сенин үнүң жетет” деп сунуштады. Ырды изилдедим. Улуу адамдар, атам менен акылдаштым. Бүркүт – Кыргызстандын символикасы эмеспи. Бүркүттөр чындап кышында жумурткалайт экен. Көп канаттуулар кышында жумурткаласа, жарылып же балапан чыгара албай калат. Бүркүт болсо кышында балапан бастырып өстүрөт экен. Атам, бир туугандарым баарыбыз келип, Ала-Арча капчыгайынан кыштын күнү клип тартканбыз. Баары ойдогудай жакшы клип жаралган.

Сиз айткандай, Элбарчын дебей эле мени жакындарым “Бүркүт” деп калышкан. Бүркүттүн ар бир жаш курагынын мааниси бар: жаш бүркүт барчын, анан молор, туйгун ж.б. көп аттары бар экен. Менин атым да жаш бүркүттүкүнө байланыштуу болуп, жакын тааныштарым тамашалап калышат.

Жамиля НУРМАНБЕТОВА

Булак: Азия Ньюс 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: