Menu

Видео – В Узбекистане вынесен приговор основателю финпирамиды «Ахмадбаю»

Бөлүшүү:

Ташкент облустук соту эл арасында “Ахмадбай” ысымы менен белгилүү ишкер Ахмад Турсунбаевге өкүм чыгарды. Өзбек ММКлары кабарлагандай, ал 13 жылга эркинен ажыратылды. Мунапыс боюнча жаза мөөнөтүнүн төрттөн бир бөлүгү кыскарды.

Мындан тышкары ага бир жыл ишкерлик менен алектенүүгө тыюу салынып, 52 млн. 96 миң сум (6300 доллар) айыппул төлөөгө милдеттендирилди.

Турсунбаев жазасын жалпы режимдеги абакта өтөйт. Жаза мөөнөтү 2016-жылдын 16-июнунан тарта эсептеле баштайт.

Турсунбаев алдамчылык жол менен алган мүлктөрдү ээлерине кайтаруу боюнча өзүнчө тергөө жүрүүдө.

Расмий маалыматтар боюнча ишкердин кыймылсыз мүлктөрү, автоунаалары жана 12,5 миллион доллары камакка алынды. Ахмад Турсунбаевге берген акчаларын кайтара ала албай калган жарандарга сотко кайрылуу сунушталды.

Ташкенттин Чиноз районунун тургуну, Ахмад Турсунбаев “каржы пирамидасынын түзгөн” деген айып менен 2016-жылы 15-июнда камакка алынган. Ага Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин “акча талап кылуу, алдамчылык, алдоо жана ишенимге кирүү аркылуу бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу, мыйзамсыз валюта топтоо, чет өлкөлүк акчаны катуу” өңдүү айыптар тагылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: