Тажик бийлиги Ислам кайра жаралуу партиясынын активисттеринин бири Нуъмонжон Шарифовдун экстрадициясы боюнча маалымат бере элек. Бул арада укук коргоочулар ал Тажикстанга 16-февралда алынып келгенин билдиришүүдө.
Тажикстан Юстиция министрлигине караштуу Тергөө абагынын жетекчилиги бул боюнча комментарий бере элек. Өз булактар маалымдагандай, жабык мекемедеги тизмеде анын ысымы жок.
Шарифовдун туугандары дагы бул боюнча маалымат алышкан эмес. Ал диний ишмердүүлүктөн тышкары ишкерлик менен алектенчү. Тажикстандан үч жыл мурун чыгып кеткен.
Эл аралык Human Rights Vision Foundation укук коргоо уюму 19-февралда диний партиянын мүчөсү Стамбулда кармалып, Тажикстанга жеткирилгенин маалымдаган. Укук коргоочулардын билдиришинче, 16-февралда ал Стамбулдагы тажик консулдугунун кызматкерлеринин көзүнчө аэропорттогу убактылуу изоляторго жеткирилип, Душанбеге кайтарылган.
Нуъмонжон Шарифов февралдын башында тажик бийлигинин өтүнүчү менен түрк полициясы тарабынан кармалган. Human Rights Vision Foundation укук коргоо уюму билдиргендей, ал мекенинде уюшкан кылмыш тобун түзүү, конституциялык түзүмдү өзгөртүү чакырыгы боюнча айыпталууда.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ