Атамбаевдин доорунда болбогон иштер менен жазыксыз жагдайда камалып, кесилип кеткен айрым саясатчыларга аз да болсо күндүн нуру тийе баштады. Буга дейре Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов 12 жылдык жаза мөөнөткө кириптер болушса, анысын жаңы бийлик жарым-жартылай кыскартып, береги экөөнүн мойнундагы жазаларынан төрт жылдан алып салды. Адилетсиз жагдайда иш козголгон депутат Алмамбет Шыкмаматовдун ишин шаардык сот кайра тергөөгө «тепти».
Дал ушундай көрүнүштөрдөн соң, болбогон жерден, адилетсиз жагдайда 14 жылга кесилип кеткен Бекболот Талгарбековдун да мойнундагы жазасын жеңилдетип, колундагы кишенин чечип салганга неге болбосун? Аныгында Бекболот мырза катылган саясатчыларынын катачылыктарын ташка тамга баскандай тизмектөө менен жүзүн ачары белгилүү. Эгерде каарманыбыз караңгы жайдан чыгып алса, ТЭЦ, «Датка-Кемин», тарых музей, катар-катар алынган насыяларды эски бийликтин жандоочтору кандай «мүлжүшкөнүн» аргументтүү негизде тизмектеп бермекпи? Бул жагынан азыркы бийликке Талгарбеков бекем чеп болуп, укук коргоо органдары кылбаган ишти аркалай турганы бештен белгилүү. Эмесе, бул жагын бүгүнкү бийликтин жандоочтору анализ кылышпаса болбойт го. Баса, орозо бүткөн сон Бекболот мырзанын жактоочулары Жогорку сотко доо арыз менен кайрылышаары белгилүү болду. Караңгы жайда негизсиз жаткан каарманыбызга бул сапар акыйкат жүзүн бурушун тиленип туралы.
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ