Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалымат борбору бүгүн 31-мартта Кемин жана Чүй райондорунун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерине иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча окутуу иштерин баштады. Бул тууралуу комиссиянын басма сөз кызматы маалымдады.
Аталган окуу борбору тарабынан учурда “Толубай” банкынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынын жана Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлерине мамлекеттик тилде иш кагаздарын жүргүзүү боюнча билимин өркүндөтүүчү семинар-тренингдери өткөрүлүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ