Menu

Альтернативалык жолго Атамбаевдин атын бергиси келген Жумалиев кайда?

Бөлүшүү:

Кезинде Акаевдин лаборанттыгынан премьер-министрлик креслого дейре жеткен Кубанычбек Жумалиев Кыргызстандагы жолдорду жонуп жүрүп топтоп койгон байлыгын көбөйтүп, тажрыйбалуу бизнесмен атыккан соң, кайра саясатка аттанып, Жогорку Кеңештин депутаты болуп, сайран куруп олтурат. Чындыгында Кубанычбек мырзанын убагында Акаев менен биргеликте бир катар китептерге авторлош болуп, экөө жакшылык-жамандыкта жакшы катышкан жакын санаалаштардан болгондуктан, азыркы убакка чейин мамилесин үзбөй келерин билебиз. Акаевдин арты менен байлык, бийликте эле эмес, илимде дагы зор секириктерди жасап, академик наамына чейин алып олтурганы бекеринен эмес чыгар. Ал эми анын карьерада жасаган укмуштуудай ийгилиги: Билим берүүжана илим министринин орун басары, президенттин аппарат башчысы, премьер-министр,  Жалал-Абад облусунун губернатору, Транспорт жана коммуникация министри да болгону жана ал бийиктиктерге жеткирген жолу эч кимге табышмак эмес.

Айталы дегенибиз, Жумалиев мамлекеттик кызматтарда жүрүп эле эбегейсиз байлык жыйнап, миллионер болуп чыга келгенин өзү деле жашыра албайт да. Байлыгын азыр да иликтесе кеч эмес. Эмесе, санап баштайлы. Бир эмес, эки жолку революцияда тең тонолуп, талкаланып, ал тургай өрттөлүп кетсе да, кайра тургузулуп ишке кирип калган, кытайлардыкы деген жарнагы бар ГОИН соода түйүнү, эмеректен тарта эшик терезеге дейре сатылган ТААТАН базары, Бишкектин Чүй көчөсүнүн чыгыш жагындагы гүл-жемиш өстүрүүчү жайлар (теплицалар), Горький көчөсү менен Туңгуч кичи районун көздөй баражаткан жол жээгиндеги ЭВМ заводунун имараты, “Манас жаңырыгы” телерадиосу… мунун бары Жумалиевдин жеке менчик байлыгы. Бул биз билген, эл ичинде айтылып жүргөн гана байлыктары. Эл билбегени канча дейсиз. Кыргызстандын башка аймактарында да бир топ имараттарды өзүнө менчиктештирип алган деген узун кептер айтылып жүрөт. Ушул Жумалиев кезинде Акаевге кандай кошомат айтса, Алмазбек Атамбаевге да андан ашып кошоматтанып, «Түндүк-түштүк альтернативалык жолго Атамбаев Алмазбек Шаршеновичтин атын сыймыктануу менен ыйгаралы»-деп айтты эле. Бүгүн да ошол позициядасызбы, Кубанычбек Мырзабекович? Гезит аркылуу ачык оюңузду билдирип койбойсузбу?

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 + = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: