Menu

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү

Бөлүшүү:

Тажикстан Республикасынын Исфара шаарында мамлекеттик чек аранын калган участокторунун сызыгын чийүүнү тездетүү үчүн кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Мамлекеттик чек аранын сызыгын жумушчу түрдө чийишип, кыргыз-тажик Мамлекеттик чек арасынын калган участокторунун сызыгын чийүү боюнча сунуштарды талкуулашты.

Жолугушууда Баткен облусунун Баткен районундагы айрым Мамлекеттик чек ара участокторун биргелешип талаада текшерүү өткөрүү жөнүндө макулдашылды. Сүйлөшүүлөр өз ара түшүнүү жана достук маанайда өттү.

Кийинки жолугушуу Тажикстан Республикасынын аймагында пландаштырылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: