Menu

Сооронбай Жээнбеков: “2013-2017-жылдар аралыгындагы туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы өзүнүн тарыхий миссиясын аткарып, өлкөдөгү туруктуулукту сактоого негиз болуп бере алды”

Бөлүшүү:

“Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы өлкөбүздүн соӊку тарыхында өзгөчө ролду ойнойт. Ал 2013-17 жылдар  аралыгындагы келечектин образын жаратып, өлкөбүздүн жаӊы багытын аныктаган жол картасы катары кызмат  өтөдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кечээ, 3-апрелде, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынында айтты” – деп маалымдады Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Өкмөт башчы өз сөзүндө, өлкө ошол кезде, оор сыноолордон кийин, эгемендүүлүгүн бекемдеген, экономикасы динамикалуу өнүгүп, калктын кирешеси стабилдүү өсүп бараткан демократиялык мамлекетти куруу жолун тандап алды деди.

“Стратегия өзүнүн тарыхый миссиясын аткарды деп бүгүн ишенимдүү айта алабыз. Парламенттеги коалициялар улам өзгөрүп, тез арада алмашууга дуушар болгон Өкмөттөр үчүн улантуучулук принцибин карманууга, туруктуу багытты камсыз кылууга негиз болду. Улуттук Стратегиянын бардык багыттары өнүгүү призмасы аркылуу каралган. Биз тандап алган ушул жол эң туура болгондугун мезгил көрсөттү. Жыл сайын кайталанып аткарылчу, күнүмдүк иштерден сырткары, Стратегиянын максатына ылайык, өнүгүү нугунда олуттуу натыйжаларга жетиштик. Жалпысынан Улуттук стратегияда коюлган негизги милдеттер аткарылды, мөөнөтү бүтө электери улантылып жатат. Жыл аягына чейин дагы бир кыйласы аткарылат”, – деп белгиледи өз сөзүндө Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков айткандай, Кыргыз Өкмөтү Кыргыз Республикасын 2040-жылга чейинки мезгилде өнүктүрүү боюнча узак мөөнөттүү стратегиясын даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгесин толугу менен колдойт.

Бул Стратегия Өкмөттүн ишмердигинин артыкчылыктуу багыттарын орто мөөнөттүү келечекке да аныктоого мүмкүндүк берчү чоӊ саясий жана тарыхый маанидеги документ болуп калат. 2017-жылга чейинки стратегия сыяктуу эле, бул узак мөөнөттүү стратегия дагы Өкмөттүн ишмердүүлүгүндө туруктуу багытты камсыз кылат.

Кыргызстанды 2040-жылга чейинки өнүктүрүү Стратегиясынын негизинде Өкмөттүн орто мөөнөткө эсептелген программалары иштелип чыгып турат.

Өкмөт, биринчи кезекте, 2040-жылга чейинки Стратегиянын алкагында Кыргыз Республикасын 2018-2022 – жылдарга өнүктүрүүнүн программасын иштеп чыгат.

“Узак мөөнөттүү Стратегиянын биринчи этабында, улантуучулук принцибин сактоо менен, азыр ишке ашып жаткан маанилүү багыттарды улантуу зарыл. Алардын ичине  төмөнкү багыттар кирет.

Өлкөбүздүн транзиттик потенциалын мындан ары өнүктүргөн аба, автомобиль жана темир жол багытындагы  долбоорлорду ишке ашырууну улантабыз.

Кыргызстанды келечекте информациялык-коммуникациялык мүмкүнчүлүктөрдүн өлкөсүнө айлантууну максат катары белгилейбиз.

Энергетикалык көз карандысыздыкты сактап калуу – эӊ башкы милдеттердин бири. Ири энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу менен катар, чакан ГЭСтерди куруу колго алынат”, – деди Өкмөт башчы.

Өнөр жайын жаӊылоо, жаӊы технологияларга негизделген өндүрүштөрдүн курулушуна көмөк көрсөтүү багытында мурдагыдан активдүү, даректүү иштер аткарылат. Бул багыттагы долбоорлорду колдоо үчүн Кыргыз-Россия фондунун каражаттары пайдаланылат.

“Айыл чарбасын колдоо, продукцияларды ЕАЭБ аймагындагы көлөмдүү рынокко чыгаруу – жакында ишке ашырылчу максаттарыбыздын бири. Бюджеттин эсебинен айыл чарбасын каржылоо системасын улантабыз.

Адам потенциалын өнүктүрүү Өкмөттүн негизги милдети бойдон калат. Социалдык багыт – бюджеттин артыкчылыктуу багыты бойдон кала берет.

Региондорду өнүктүрүү концепциясында каралган шаарлар региондордун өнүгүү борборлору болот. Региондордун адистешүүсүн өнүктүрүү пландаштырлып жатат. Өндүрүш, айыл чарбасы жана логистикалык инфраструктуралар, ошондой эле кластерлер түзүлөт. Өнөр жайды өнүктүрүү концепциясы жана Энергетиканы өнүктүрүү концепциясы кабыл алынат. Коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү, мамлекеттик башкаруунун эффективдүү системасын камсыз кылуу – ар дайым күн тартибинде турчу маселе”, – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кошумчалагандай, Өкмөттүн программалары негизинен социалдык жана экономикалык чөйрөнү камтыйт. Өлкөнү узак мөөнөттө өнүктүрүү үчүн социалдык-экономикалык максаттардан сырткары сот бийлигине тиешелүү, мыйзам чыгаруу ишине байланышкан милдеттер да аныкталышы керек.

“Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн зарыл болгон милдеттердин баары, бийликтин бардык бутактары колдоп, жактырган, келечекке багытталган бир документте бекитилиши зарыл. Ошондо бардык бийлик бутактарынын бир максатка, бир багытка ырааттуу умтулуусу камсыз болот. Кыргыз Республикасынын Президенти сунуштаган демилгени Өкмөт толугу менен колдоорун дагы бир ирет белгилейм. Бул максаттарды ишке ашыруу үчүн коомубуздун ынтымагы, элибиздин биримдиги зарыл. Ошондо, биз сөзсүз ийгиликтерге жетебиз”, – деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 + = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: