Алмаз Атамбаев Санкт-Петербург шаарынын метросундагы жардыруудан адамдардын курман болгондугуна байланыштуу Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге көңүл айтты. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.
“Санкт-Петербург шаарынын метросундагы жардыруудан адамдардын курман болгондугу жөнүндө суук кабарды кабыргам кайышуу менен кабыл алдым.
Кыргыз Республикасы бейкүнөө жана жай адамдарга каршы багытталган бул адамгерчиликсиз актыны айыптайт.
Кыргыз Республикасынын элинин жана өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына чын ниетимден көңүл айтам, ошондой эле жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм”, – деп айтылат Мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ