Menu

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги: “Стамбул аэропортундагы жардырууларга тажик жараны катышкан эмес, муну Түркиянын расмий бийлиги тастыктаган жок”

Бөлүшүү:

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Стамбул аэропортундагы жардырууларга тажик жараны катышкан деген түрк басылмаларынын билдирүүлөрүн жокко чыгарды.

Milliyet таблоид гезитинде жарыяланган маалымат чындыкка дал келбейт деп билдирди ал. Бул кабар Түркиянын расмий бийлиги тарабынан дагы тастыкталган жок.

Аталган басылма видео байкоо жүргүзгөн камерадан алынган тажикке окшош адамдын сүрөтүн жарыялаган. Бирок анын Тажикстан жараны экендиги далилденген эмес.

Бүгүн Стамбулдагы Тажикстандын элчилиги Milliyet басылмасынын редакторлору менен жолугуп, мындай маалымат кайдан алынгандыгын тактайт.

Milliyet гезити 28-июнда Ататүрк аэропортунда болгон жардырууга үч тажик жанкечти-террорчу катышкандыгын жарыялаган. Маалыматка караганда, шектүүлөр такси менен аэропортко келишкен. Бирок жоочулар кайсы топко тиешелүү экени айтылган эмес.

Түркия бийлиги аэропорттогу жардыруунун артында “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу турарын божомолдогон. Азырынча жоопкерчиликти эч ким моюнуна алган жок.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 + = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: