Борбор калаада акыркы бир сутканын ичинде коменданттык сааттын эрежелерин бузгандыгы үчүн 66 адам кармалды. Алардын ичинен 54ү эркектер ал эми 12си аял кишилер. Ошондой эле өзгөчө абал киргизилгенден бери 2362 жаран коменданттык сааттын эрежесин бузгандыгы үчүн кармалган. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде өкмөттө өткөн онлайн-брифингде Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.
Анын айтымында, Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал режими киргизилгенден кийин 25-марттан баштап 26-апрелге чейинки аралыкта катталган кылмыштардын жана жоруктардын жалпы саны 1616. Анын ичинен 1466 кылмыштын бети ачылган. Учурда Бишкек шаары боюнча коомдук коопсуздук кырдаал туруктуу жана көзөмөлгө алынган.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ