Кытайдын түштүгүндө дүйнөдөгү эң узун көпүрө колдонууга берилди. Бул тууралуу кытайдын телеканалдары жарыялады.
Узундугу 55 чакырымды түзгөн бул көпүрө Кытайдын Гонконг, Макао жана Чжухай шаарларын байланыштырып турат. Салмагы 400 миң тоннага жеткен көпүрө жогорку технологиялык жабдуулар менен жасалып, 8 баллдык жердин силкинүүсүнө туруштук бере алат. Куруучулардын айтымында, көпүрө кытай элине 120 жылга чейин кызмат кылат.
Көпүрөнүн суу асты менен өткөн да узундугу 6,7 чакырым болгон туннели бар. Эми Гонконгдон Чжухайга мурункудай 3 саатта эмес, 30 мүнөттө гана жетүүгө болот.
Көпүрөнү куруу идеясы көп жыл мурун эле пайда болгон. Бирок Кытай бийлиги 2003-жылы аны ишке ашырган.
China will open the world's longest sea bridge on Wednesday, linking Hong Kong, Macau and mainland China. pic.twitter.com/0QSDViSfE1
— Al Jazeera English (@AJEnglish) October 22, 2018
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ