Орусия менен Беларус мунай менен газды жеткирүүдө жаралган чыр-чатакты жөнгө салышарын билдиришти. Мындай макулдашууга Орусия президенти Владимир Путин менен Беларус президенти Александр Лукашенконун 3-апрелде Санкт-Петербургдагы жолугушуусу маалында жетишилди.
Путиндин айтымында, келишим толугу менен 10 күндүн ичинде иштелип чыгат. Мындан тышкары тараптар 2020-жылга чейинки энергетикалык кызматташуу стратегиясын карап чыгышты.
Орусиялык маалымат агенттиктеринин маалыматына караганда, Орусиянын вице-премьери Аркадий Дворкович Беларус мунай жана газ үчүн 726 миллион доллар өлчөмүндөгү карызды акырындык менен төлөп бериши керек. Бул учурда мунайды экспорттоо калыбына келтирилет.
Акыркы айларда Лукашенко бир нече ирет Орусияны сынга алган. Ал Москваны келишимдерди бузууга жана Беларусту “муунту” үчүн энергоресурстарды пайдаланууга айыптаган. Минсктин 2015-жылдын декабрындагы билдирүүлөрүнө караганда, Евразиялык экономикалык биримдикти түзүү боюнча келишим күчүнө киргенден кийин Орусия газдын баасын эки эсеге жогорулаткан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ