2010-жылдын 7-апрелиндеги куралдуу мамлекеттик төңкөрүштүн натыйжасында түзүлгөн Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү Темир Сариев кечээ, 5-апрелде “Майдан” гезитине интервью берип, өзүнүн ошол кездеги үзөңгүлөштөрү, Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн айрымдарынын коркоктук сапаттарын сынга алды:
“Мен 7-апрелде Москвадан келип камалдым. Кээ бири ок атылып атканда качып барып жашынып отурган. Ошол эле Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү. Аттарын атагым келбейт, бирок бул тарых. УӨдө да ар түрдүү адамдар, ар башка көз караштагылар чогулганбыз...
Мен качкан эмесмин, аялдын көйнөгүн кийип качкандар болгон, бирөөнүн үйүнө жашынып калгандар болгон”, – деп айткан Темир Сариев.
Буга чейин кыргыз гезиттери 2010-жылдын 7-апрелинде, Ала-Тоо аянты канга чыланып жатканда Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Алмаз Атамбаев үйүнө кетип калып, душка түшүп олтурганын жана Азимбек Бекназаров менен Алманбет Шыкмаматов Нарында активистка Бактыгүл Жумабаеванын көйнөгүн кийип качышканын көп жолу жазышкан. Ошондуктан коомчулук Темир Сариев кимдерди айтып жатканын дароо түшүнүп, уу-дуу сөзгө айланды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ