Кечээ, ЭлТР телеканалынын жетекчилиги «Азаттык» үналгысынын Кыргызстандын ички-тышкы карыздары тууралуу журналисттик иликтөөсүн кечки эфирден кетирбей койгон. Бул Бакиевдин бийлиги кулаар алдындагы ММКларга жасаган мамилесине окшошуп туру. Ал жерде акыркы бийликтин учурундагы 1 млрд. АКШ долларына чукул сырттан алынган карыз тууралуу маалыматтар бар эле. Бийлик мына ушул чындыкты элге жеткирүүдөн коркту. Бирок, шибегени капка катууга мүмкүнбү?! Ал иликтөө интернет аркылуу деле баары бир өз ээсин табат. Элге баары бир жетет. Болгону, азыркы өлкө жетекчилиги чындыктын бир күн болсо да элге кеч жетишине жандалбастоодо…
Булак: “Алиби”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ