Menu

Казинодон чыкпаса кайдан тааныйт эле?

Бөлүшүү:

Айрым адамдар өлкө үчүн башын оорутуп жүрсө, айрымдар өз кызыкчылыгы үчүн көмөчүнө күл тартат. Маселен, маркум Апсамат Масалиев кыргыз саясатында алтын тамгалар менен жазылып, бийликте туруп таза адам катары таанылуунун эталону болсо, анын уулу Исхак Масалиев али күнчө кумар азгырыгынан бошой албай, элдин эртеңи тууралуу ойлонууга убактысы жоктугун бардык эле ММКлар жазып, коомчулук талкуулап бүттү. Учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты так ушул Исхак Масалиев кайсы бир жыйында УКМКнын жетекчиси Абдиль Сегизбаевге кайрылып: “Иним, башканы тааныбасаң дагы мени таанып жүр”, – деп тийишкен жайы бар. Ошол сөзүнөн соң элдин эсинен эсил кайран СССР сыяктуу унутулуп бара жаткан Исхак Масалиев кайра эске түшкөн эле. Бирок эл “Исхак бар экен” деп кол чапканча өзү бармагын тиштеп атыптыр. “Элдин көзүнчө Абдилге тийишпей эле койсом болмок экен” деп өкүнүп жүргөн кези дешет. Сегизбаевге “секирем” деп күп этип кулап калаарын алдын-ала сезсе кана, аттиң?

Булак: Де-Факто

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: