Menu

Депутат Альфия Самигуллина: «Ушу тапта дары каражаттарына байланышкан тармактардын баарында башаламандык өкүм сүрүүдө»

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин Социалдык маселелер, билим, илим, маданиятжана саламаттык сактоо боюнча комитетинде өлкөдө дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүн өнүктүрүүгө багытталган «Дары каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору каралды. Ал ЕАЭБдин бирдиктүү талаптарына ылайык келтирүү, ЕАЭБ алкагында дары каражаттарын жүгүртүү тармагындагы аталмаларды шайкеш келтирүү, ошондой эле өлкөнүн лицензиялык уруксат берүү тутумун өркүндөтүү жүрүмүнө туура келет. Бул тууралуу КР ЖК басма сөз кызматы маалымдады.

Өкмөттүн маалыматына караганда, мыйзам түзүмү дары каражаттарын жүгүртүү баскычтарынын логикасын эске алуу менен өзгөртүлдү. Иштеп жаткан мыйзамдарда жок жаӊы түшүнүктөр киргизилип, дары каражаттарын жүгүртүү тармагын мамлекеттик жөнгө салуу жолдору кыйла так сыпатталып берилди. Өкмөттүн өтө зарыл дары-дармектерге карата баа саясаты боюнча ыйгарым укуктары киргизилип, мамлекеттик органдардын баардык ыйгарым укуктары бир беренеге чогултулду.

Ошондой эле, ачык-айкындуулук менен отчеттуулукту камсыз кылуу максатында, бир катар ченемдер киргизилгени белгилүү болду. Мисалы, өлкө аймагында катталган жана уруксат берилген дары-дармектерди жүргүзүү жана реестрди жарыялоо жолдорун регламенттейт, реестрдик жазуулардын өзгөртүүлөрдүн жекелештирилген таржымалын сактоого милдеттендирилип, мамлекеттик реестрден маалыматтарды алып салууга жол берилбейт.

Дары каражаттарынын сапатын, натыйжалуулугун, коопсуздугун далилдөөгө негизделген так критерийлердин колдонулушу аныкталган каттоо режими ыраатташтырылып берилди. Мындай ыкма органдардын аракетин өз ара шайкеш келтире турган эл аралык тажрыйбага ылайык келтирилгендиктен, ал өлкө рыногуна сапаттуу, коопсуз, майнаптуу дары-дармектерди тартууга мүмкүнчүлүк берет.

Талкуу жүрүшүндө депутат Альфия Самигуллина Саламаттык сактоо министрлиги дары каражаттарынын баасын жөнгө саларынан күмөнү бар экенин билдирди. «Бул өтө талылуу маселе, азырынча министрликтин аны жөнгө салуу рычагы жок. Ушу тапта дары каражаттарына байланышкан тармактардын баарында башаламандык өкүм сүрүүдө», – деп, ал Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан көрүлө турган чаралардын даярдыгына кызыкты.

Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев фармкомпаниялардын өздөрү азыр дары каражаттарынын баасын жөнгө салуу багытында биргелешип иш алпарууга кызыкдар болуп жатканын айтты. «Биз азыр биргелешип иштеше баштадык. Алар өзгөчө контрабанда жолунун буулушуна өтө кызыкдар», – деп жооп берди ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: