Жалал-Абад шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына таянсак, шаарда жайгашкан мектептердеги, бала бакчалардагы балдардын тамактануусуна байланыштуу маселелер шаар мэриясы тарабынан түзүлгөн атайын коомиссия тарабынан текшерилди. Бул жагынан бардык жерлерде абал жакшы экени аныкталды. Бул тууралу жеринде шаардын вице-мэри Айзат Раматиллаева билдирди.
Анын айтымына караганда, текшерүү убагында мектептердин, бала бакчалардын ашканаларында сакталган азык-түлүктөрдүн баары таза жана сакталуусу жакшы чыкты.
-Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 2017-жылгы карата бекитилген иш-планына ылайык, шаардык мэриянын аткаруу комитетинин отурумунда мектептердеги жана бала бакчалардагы балдарга берилүүчү шашке тамагы боюнча маселеле карашыбыз керек. Бул жагынан шаардын аймагында жайгашкан жалпы билим берүүчү мектептердеги шашке тамакты жана бала бакчалардагы тамак-аштарды уюштуруунун абалы кандай болуп жатканын жеринде түзүлгөн комиссия менен текшерип чыктык. Жалпысынан абал жакшы экен, бирок айрым кемчиликтер боюнча тийиштүү сунуш-пикирлерди айттык, – дейт ал.
Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарында 20 мектеп, 22 бала бакча бар.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ