Menu

Табылды Тиллаев: “Баткен согушунун катышуучуларын Улуу Ата Мекендик, ооган ардагерлерине теңейли”

Бөлүшүү:

– Табылды мырза, Исфана-Сүлүктү жолуна көчкү түшүп, жабылып калган турбайбы?

– Ооба, жол жабылды. Өкмөттөгүлөр «Исфана-Кайрагач жолун кургандар туура эмес иштерди жүргүзгөн үчүн жер көчтү» дешсе, жол курулуш фирмасындагылар «долбоорлоо институту бизге долбоорду туура эмес берген үчүн ушундай болду» дешет. Айтор, бири-бирине шылтап жатышат. Бир чоң шаар изоляцияда калып калды. Ал жерде оорукчан кишилер, кары-картаңдар бар, Сүлүктү шахтёрлордун шаары болгондуктан, күнүгө эки миңге жакын киши барып иштеп келишчү. Ошолордун баары азыр кыйналып жатышат…

– ӨКМдин ал жакта деле бөлүмдөрү бар эмеспи. Алар эмне кылып отурушат?

– Ал жерде аябай чоң жер көчкү түшкөн. Ошон үчүн чоң жумуштарды жүргүзүш керек.

-Сиздердин комитет 1999-2000-жылдардагы Баткен окуяларына контртеррористтик операция эмес, согуш макамын берүү боюнча демилге көтөрдү. Сиз дагы ал жерде кеңири масштабдуу согуш болгонун баса белгилейсизби?

– «Атайын операция» деген туура эмес, террористтер биздин чек арабызды бузуп кирип, ал жерде чоң согуш болгон. Бүт Кыргызстан боюнча мобилизация жасалган, баардык күч органдарынын өкүлдөрү катышкан. Мобилизация кандай учурда болот? Атайын операция учурунда эмес, согуш учурунда. 6 миң адам катышып, 54 жараныбыз курман болгон. Бирок, ошол кездеги жетекчилер кандайдыр бир себептерден улам, балким акчанын айынанбы, «согуш» деген макамды бербей коюшкан. Биздин комитет бул маселени карап, тез арада мыйзамды иштеп чыгуу боюнча өкмөткө тапшырма бердик. Баткен согушунун катышуучуларын Ооган, Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлерине теңеш керек.

– Өзүңүз айткандай, алты миң адам катышкан экен. Ошолордун баарына жеңилдик берилеби? Ага бюджеттин күчү жетеби?

– Катышкандардын баары эле жарат алып, майып болгон жок да. Алар болгону «элибиз билсин, бизге Баткен согушу боюнча күндү аныктап бергиле» деп атышат. Бул деле жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо да. Кечээ комитетте өзүңүздөр уктуңуздар, согуштун бир катышуучусу: «Мен сыртыман соо көрүнгөнүм менен оорукчанмын, жарат алгам. Мамлекет тарабынан ушундай мамиле болсо, анан мени көргөн балам мекенин коргогону кантип барат?» деп айтты. Биз ушундай баатырларыбызды баалабасак, даңазалабасак, анда жаштарга кантип тарбия беребиз?

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 8 = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: