Menu

Касиет Жолдошбекова: “143 тасма ичинен менин “Жалгыздыгым” биринчи орунду алды”

Бөлүшүү:

«Ааламга кайрымдуулук» кыска метраждуу фильмдер конкурсу Стамбулда үчүнчү ирет өткөрүлүп, татынакай кыргыз кызы «Жалгыздык» аттуу тасмасы менен биринчиликти алды.

– Касиет, жакында эле Стамбулда өткөн «Ааламга кайрымдуулук» кыска метраждуу тасмалар конкурсунда 143 тасманын ичинен биринчиликти алып, кыргыз элинин атын дүңгүрөттүң. Ал сыйлык, тасма жана өзүң тууралуу кененирээк токтоло кетсең?

– Чоң рахмат. Чынымды айтсам, жеңүүчү болгонума өзүм деле алигиче ишене албай кетем. Азыркы тапта Стамбул шаарындагы Мармара университетинин журналистика бөлүмүндө магистратурада окуп жатам. Аталган фестивалга катталуу өткөн жылдын ноябрь-декабрь айларында болгон. Ал убакта мен бул жакта болгондуктан, тасмамдын көркөм жетекчиси Молдосейит Мамбетакунов жана Стамбулбек Мамбеталиев агайларым жөнөтүп жиберишкен экен. Анан январь айында каникулга бир айга Кыргызстанга келгенде агайларым издеп калышты. Көрсө, фестивалдын уюштуруучуларынан «финалга өттүңөр» деген жооп келиптир. Каникул бүтүп, февраль айынын он экисинде кайра Стамбулга сапар алдым. Кинофестивалга жалпысынан дүйнө жүзүнөн 143 кыска метраждуу тасма катышып, 15и финалга чыкты. Бул тасмалардын арасында менин да тасмам болгонуна аябай кубандым. Бирок, «биринчиликти алып калам» деп таптакыр ойлогон эмесмин. Анан эле көп узабай Стамбул шаарында сыйлык тапшыруу аземи болду. Бул күнү финалга ат салышкан тасмалардын ичинен байгелүү орунга ээ болгон жеңүүчүлөрдүн аты угузулмак. Акыркы мүнөттөргө чейин аябай толкунданып отурдум. Сахнадан «Биринчилике ээ болгон тасма» деп менин атымды атаганда, кандай толкундангандыгымды сөз менен айтып жеткис болду. Туулуп өскөн мекеним Кыргызстандын атын чет жерде жакшы жагынан аталып жатканына төбөм көккө жетти.

– Тасма кайсы жерден тартылды эле?

– Өткөн жылдын май айында өзүм төрөлүп өскөн айылымда тартылган. Ар бир режиссердун көрүүчүгө айта турган ою болот эмеспи. Мен да бул тасма аркылуу жалгыздыкты чагылдыргым келди. Адам баласынын жашоодо ар дайым тандоого мүмкүнчүлүгү бар. Ар бирибиздин бактылуу жашообуздун ачкычы өз колубузда. Жадагалса жалгыздыкты тандоо мүмкүнчүлүгү да бар. Кээ бирлери анын айынан айланасындагыларга уусун чачып, бактысыз жашоону тандаса, кээ бирлери жалгыздыгын сезбөө үчүн жакындарына жардам берип, алардын мээримине баш калкалайт. Тасманын баш каарманы Майрам апанын жүрөгү кайгыга толо. Бирок, ал жанга баткан жалгыздыгын төрт дубалдын ортосунда, өз бөлмөсүнүн ичинде гана сезет. Себеби, Майрам апаны туулуп өскөн жери, айылдаштары ага жалгыздыгын сездирбейт.

– Жалгыздык тууралуу ой-толгооң кандай? Кандайча бул темага кайрылып калдың? Жалгыздыкта кандай ойлор келет?

– Негизи «Атадан алтоо болсоң да, ар жалгыздык башта бар» деген кеп бар эмеспи. Жалгыздык – бул дүйнөдөгү эң
коркунучтуу нерсе да. Ар дайым «ылдыйда өбөк, өйдодө жөлөк» боло турган бирөө керек. Өзгөчө алдан тайып, кайрадан бала кыял абышка-кемпир болуп калган учурда жалгыз калуу оңой эмес. Адамдардын тагдыры ар убак ойлондурат. Эл ичинде жүрүп, бул тасманын өзөгүн таап алдым. Ал өзөк анан тасмага айланды.

– Айланада эмнелер ойго салат? Балким дагы бир тасманын өзөгү жаралып жаткандыр?..

– Негизи мен үчүн адамдын көңүлү аябай жогору турат. Айлана-чөйрөбүздө болуп аткан жүрөктүн үшүн алган окуялар жеке өзүбүздүн аруу, назик дүйнөбүздү тебелөөдөн келип чыккан жек көрүү, көралбастык, алдамчылык сапаттардан башталат эмеспи. Келечекте бир топ тасмаларды жараткым келет. Бирок, тасманын сценарийи акырындап бышып жетилет. Идеяңдын бүчүр алышына, бышып жетилүүсүнө бир топ убакыт талап кылынат.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: