Menu

Маалымат согушунан аман чыгабызбы?

Бөлүшүү:

резидентатакталаш өнөкөтү башталаар алдында биздин айрым бир саясатчылар эмитен эле маалымат согушун жарыялап, бири-бирин кайсай башташты. Ырас, гезит беперине жарыяланган материалдарды кеңири аудиторияга жеткизуу кыйыныраак.

Анткени гезит сатып алганга дагы тыйын керек. А бирок телеканалдар менен интернет-сайттар аркылуу каалаган кишилерин кеелеп алса болот. Зр болсоң каяша айтып кер.

Элдин көбү маалымат булагы катары интернеттин ичегисин чубашат. Айылда-гылар болсо колдору бошой калса эле экран түбүндө. Андыктан телевидение аркылуу кеткен ар бир материалга жоопкерчиликтүү мамиле кылуу зарыл. Мына ушундай өңүттөн алганда А.Капаров деген жарандын Соорон-бай Жээнбековго карата карандай жалаа жа-буу максатындагы материалдары тебе чачты тик тургузат. Ал 2012-жылы үч жолу, 2013-жылы 2 жолу, 2015-жылы эки жолу бир эле адамды каралаган материалдарын тааныш ге-зиттерине (“Ачык саясат”, “Алиби”, ’’Кыргыз-тудей”, “Мезгил ньюс”) бастырган.

Акыры, бул адамдын жалган материалдары жөнүндө маселе Ош шаардык сотунда ка-ралып, 2015-жылдын 21-июлунда андан 200 миң сом өндүрүлсүн деген чечими да чык-кан. Андан кийин эмне болду? Мунун баарын билип-көрүп туруп “Сентябрь” ТРК 2016-жылдын 29-сентябрында бул саясатчы бол-гусу келген мырзанын маегин уюштурган. Ал ар кайсынын башын айтып бажактап “Араван районунда Өзбекстандын желеги көтөрүлүп, гимни ырдалды” деген “беш өрдөгүн” учурган. Мындай чагымчыл кеп түштүк элин бир топ түйшөлткөн. Аталган факты боюнча 2017-жылдын 4-январында 299-беренедеги улут аралык араздык туудуруу белгилери боюнча А.Капаровго кылмыш иши козголуп, камакка
алынган. Анын эки элдин ортосуна чагымчы-лык кылган маегин “Сентябрь” телеканалы өз кожоюндарынын буйругу менен атайлап уюштуруп жаткан эмнени каңкуулайт? “Сентябрь” ТРК Ө.Текебаевдики экенин мүлдө журт билет. Бир адамды жамандап жаткан материалды элге тартуулоодо Текебаевдин өз кызыкчылыгы болушу ыктымал. Ал эми улут аралык чагымчылдыкты теле аркылуу даңазалап, телеканалдын кожоюнунун 2010-жылдагы улуттардын жаңжалын эсинен чы-гарып коюшуна эч ким деле ишенбейт. Бул бир жагы. Экинчи тарабы – Ө.Текебаев эмнени айтса, ошону жасаган тележурналисттер-дин жоопкерчилигин ким моюндайт? Элди өлкөдө баш аламандык кылууга чакырык жасашып, Өмүрбек Чиркешовичти “культ” кылган тележурналисттер арыдан бери болуп, улут аралык саясатка аяр мамиле кылышы аб-зел. Болбосо, “бөрк ал десе баш алган” менчик телеканалдар өз билген ботколорун чала бе-ришсе өлкө ичиндеги коопсуздукту ким сак-тайт? Негизгиси улут аралык жаңжалдарга чакырык жасаган фактыларды катуу көзөмөлгө алуу – мезгил талабы. Болбосо алакандай Кыргызстандан айрылып калабыз…

Азирет САКТАНОВ, Панфилов району

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − 16 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: