Бүгүн, 19-апрелде, Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүндө «Кыргыз Республикасынын туристтик мүмкүнчүлүктөрү жана жайкы туристтик сезонго карата даярдыктар» аталышындагы маалымат жыйыны өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.
Маалымат жыйынга Кыргыз Республикасынын маданият маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин директорунун орун басары Азамат Жаманкулов, Курорттор Ассоциациясынын Президенти Лира Батырбекова, КР Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Экологиялык коопсуздук боюнча башкармалыгынын башчысы Максат Оморов, КР Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Чолпон-Ата, Балыкчы шаарлары жана Тоң району боюнча аймактык башкармалыгынын башчысы Талант Борочоров катышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ