«Ата-Мекен» фракциясынын билдирүүсү боюнча, Конституцияга ылайык Президенттик шайлоо 27-август күнү өтүш керек, ал эми БШКнын айтуусу боюнча 19-ноябрьда өтөт. Бул талаш маселеде эмне үстөмдүк кылат – мыйзамбы же Конституциябы? Бул суроого бүгүн, 20-апрелде саат 21:00дө «Сентябрь» ТРКсында БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев менен БШКнын экс-мүчөсү Канатбек Азиз жооп беришет.
Эки окумуштуу, юридика илимдеринин докторлорунун теледебаты Президентти шайлоо күнүн белгилөө боюнча өтөт. Эки окумуштуу тең коомчулуктун алдында дебатка катышаарларын билдиришти. Теледебат түз эфирде көрсөтүлөт. Бардык каалоочулар суроолорун «Сентябрь» телеканалынын Facebook баракчасында калтырса болот, же болбосо модератор Тимур Саралаевге жөнөтө алышат.
https://www.facebook.com/isken.afidjanov.9/videos/1478036795592104/
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ