Menu

«Китеп – адамзаттын рух азыгы» аттуу китеп көргөзмөсү өтөт

Бөлүшүү:

2017-жылдын 21-апрелинде саат 1000дө Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүндө Китеп күнүнө арналган «Китеп – адамзаттын рух азыгы» аттуу китеп көргөзмөсү жана  “Тил жана котормо” журналынын баш редактору Макелек Өмүрбайдын “Кыргыздын мамлекеттүүлүгү жазма булактарда”   аттуу китебинин бет ачар аземи өткөрүлөт. Бул туурасында улуттук китепкананын басма сөз кызматы маалымдады.

Китеп адамзаттын маданий мурастарын сактоо жана байытуу боюнча биздин жалпы күч-аракетибизди бириктирген негизги жардамчы. Китеп – бул маданий ар түрдүүлүктүн терезеси, китеп – ар түрдүү замандарда жана жер жүзүндө болгон цивилизацияларды байланыштырып турган көпүрө.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2002-жылдан баштап ар жыл сайын 23-апрель Кыргыз Республикасынын китеп күнү деп токтом кабыл алган.      Республикабыздын маданий борборлорунда Китеп күнүнө арналган китеп көргөзмөлөрү, китеп базарлары, сынактар салтанат күн катары өткөрүлүп келет.

Улуттук китепканада да китеп күнүнө арналган “Китеп – адамзаттын рух азыгы” аттуу китеп көргөзмөсү уюштурулат. Китеп көргөзмөнүн максаты, кыргыз тилинде чыккан көркөм китептерди, илим жана маданият багытындагы китептер, усулдуктарды коомчулукка тааныштыруу.

Улутубуздун тарыхын ичине батырган кыргыз тилинде чыккан китеп дүйнөсүн сактоо милдетин негизги орунга коюшубуз керек.

Жазуучу Макелек Өмүрбай бул өзүнүн жаңы чыгармасында кыргыз элинин мамлекеттүүлүгүнүн пайда болушун жана болуп өткөн окуяларды Кытайдын жана башка элдердин жазма булактарына, бир катар аалымдардын пикирлерине таянып, тарыхый фактылар менен негиздеп алдыбызга коет.

Окурман мындан байыркы кыргыз каганатынын башка хандыктар өз мамлекетин түптөөгө опол тоодой иш кылышкан тарыхый инсандар менен таанышып, өз ата-тегинин түптүү эл болгондугуна  ишенимин бекемдеп, сыймыгы артат.

Бул чыгарма өзүнүн лексикологиясы, тарыхыйлуулугу жана өз алдынчалуулугу менен баалуу.

Ишчарага илим, билим берүүнүн кызматкерлери, акын-жазуучулар, ЖОЖдордун студенттери жана китеп ышкыбоздору катышышат.

Дареги: Бишкек ш., Ю. Абдрахманов көч., 208.Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасы. Тел.: 30-50-57, 30-47-04.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 17 = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: