Menu

Алманбет Шыкмаматов, атамекенчи депутат: «Комиссия Текебаев менен Болот Шерди мародер кылууга эле басым жасап, башка маселелерди унутуп калыптыр”

Бөлүшүү:

“Урматтуу депутаттар! Силердин токтомуңар менен ушул убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн эле. Ал комиссия Бакиевдердин мүлкү, тонолгон банк ячейкалары, БНК нефть компаниясы, “Манас Банкы”, “Дастан” заводу, “Кыргызкөмүр” ишканасы жана башкалардын мыйзамдуулугун текшермек”, – деп билдирди бүгүн, 19-апрелде Жогорку Кеңештин отурумунда атамекенчи депутат Алманбет Шыкмаматов 2010-жылдын апрель окуяларындагы мародерчулук, банк кутуларын талап-тоноо, “Мегаком” жана башка улутташтырылган объекттер, интернеттин кымбатташы боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулоо учурунда.

“Комиссия болгону бир отурум жасады. Бүгүнкү корутундусун карагыла, “Мегаком” комапаниясы боюнча Эсеп палатасынын отчетунан бир кичинекей чымчымын жазып коюшуптур, “Дастан” заводу боюнча эч нерсе жок. Ал жердеги мүлк кандайча сатылган, эмне үчүн аукцион болгон эмес? Эмнеге бааланган эмес, эмнеге арзан сатылган? Максим Бакиевдин башка колго өтүп кеткен 10 чакты мүлкү боюнча комиссиянын корутундусунда бир да сөз жок. Айтор ушу комиссиянын жыйынтыгында баардыгы келип эле бир маселенин тегерегине басым жасалып калган – ал мародерчулук, ал “Ата-Мекен”, ал Текебаев, ал Болот Шер. Анан кантип ушул комиссиянын иши адилеттүү болду, калыстык менен чечилди, баардык маселелер камтылды деп кантип айта алабыз? Бул жерде мародерчулукту “Ата-Мекенге” чаптоо боюнча 5 жылдан бери бүтпөй келаткан саясый провокациянын уландысы экени оркоюп эле көрүнүп турат. 2010-жылы 7-8-апрелде эки күн 300 миң, 400 миң киши мародерчулук кылган. Эки күндө Убактылуу өкмөт мүчөлөрү стабилдүүлүктү кантип орнотобуз деп олтурушкан. Анан кантип Текебаев менен Болот Шер мародерлорду баштап жүргөн деген чечимди чыгарабыз? Ошол мародерчулук кылган 300-400 миң кишини алып келип сурашпайбы, “силерди Текебаев менен Болот Шер баштап жүргөнбү?” деп. Ал мародерлорду Роза Исаковна атууга указ чыгарган. Болот Шерниязов телевизордон “аткарам!” деген. “На поражение атылат!” деген, ошондо гана мародерлор токтогон. Эми буга баарыбыз күбөбүз да. Жогорку Кеңеш ушактын чордону болуп калды. “Ушакчылар!” деп рейтингибиз аябай түшүп жатат. Бул жалпы коомчулуктун, эксперттердин баасы. “Ушактын чордонуна айландыңар!” деп. Анан бүгүн бул комиссиянын жыйынтыгы – бир ушактын эле жыйынтыгы болуп калыптыр. Ар жактан ушактарды жыйнап, бул жакка киргизип коюшуптур. Эми ушул ушактардын жыйындысын бекитип бергиле деп сунуш кылып жатышат. Ушул токтом ошол ушактарды мыйзамдаштыруу болуп жатпайбы. Болот Шерди мародер деп токтом токуп жатканыбыз абийир алып келеби? Соттун чечими чыга электе эле “Маевскийден 1 миллион доллар алыптыр” деп жазып коюпсуңар, ушул туурабы? “Генпрокуратура кылмыш ишин козгосун!” деп чечим чыгарып бергенибиз туура болбойт”, – деди Алманбет Шыкмаматов.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: