Ч. Турсунбеков баштаган Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясы Тегеран шаарына (Иран Ислам Республикасы) расмий иш сапар менен барды. Бул туралуу КР Жогорку Кеӊешинин Басма сөз кызматы маалымдады.
Расмий иш сапардын алкагында бир катар жолугушуулар мерчемделген. Тагыраагы, Төрага Чыныбай Турсунбековдун Иран Ислам Кеӊешинин межлисинин Төрагасы Али Лариджани, Тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф, Жол жана шаар куруу министри Аббас Ахмад Ахунди жана Соода-өндүрүш палатасынын президенти Гол-Хоссейн Шафэи менен жолугушары күтүлүүдө. Андан тышкары, Мазендеран провинциясындагы бир катар өндүрүштүк объектилерди кыдырат.
Ошондой эле Кыргызстан менен Ирандын парламенттеринин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык боюнча Меморандумга кол коюлары да мерчемделген. Ал эми делегациянын курамында Жогорку Кеӊештин депутаттары Мирлан Бакиров, Исланбек Сарсейитов, Жыргалбек Турускулов, Данияр Аттокуров жана Абдимуктар Маматовдор бар.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊеш Төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган парламенттик делегациянын расмий иш сапары 27-апрелге чейин созулат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ