Бишкектеги Октябрь райондук сотунун чечими менен блогер Элмир Сыдыманов ТИЗО-1ге камакка алынды. Бул тууралуу Октябрь РИИБнин басма сөз кызматы бүгүн, 19-февралда билдирди.
Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө ал 2 ай тергөө изоляторунда болот.
Белгилей кетсек, 17-февралда блогер Элмир Сыдыманов аймактар аралык кастыкты козутууга шектелип кармалган.
Ал Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу) боюнча шектелүүдө.
Эсиңиздерге сала кетсек, блогер Сыдыман өзүнүн Инстаграмдагы баракчасына түз эфирге чыгып, анда кээ бир облустардын тургундарына карата жаман сөздөрдү айтып, ашата сөгүп, пас сөздөрдү айткан. Кийинчерээк анын видеосуна эл реакция кылгандан кийин, видеокайрылуу аркылуу элден кечирим сураган.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ