КР Жогорку Кеңешинин бир нече чакырылышынын депутаты Камчыбек Жолдошбаев журналисттер менен маек куруп, депутат катары кыргыз эли үчүн жасаган ишмердүүлүгү туралуу айтып берди.
«Кыргыз элинин колдоосуна ээ болуп, 2 жолу Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайландым. Эл алдында кадыр-баркым жок болсо, кайра-кайра элдин добушун алып депутат боло алмак эмесмин. Колумдан келишинче кыргыз элим үчүн кызмат кылууга аракеттеним келем. Мына өзүмдүн жеке каражаттарыма 10 км жерге лоток жаткырып суу чыгарып бердим. Андан тышкары Нарын облусунун Ак-Талаа айылына мектеп салдым. Көмүр кенин казып, жолдорду салдырып, элди арзан баада көмүр менен камсыздап келем” – деди Жодошбаев.
Белгилей кетсек, Жолдошбаев Орто Азияда биринчилерден болуп тоо кен өнөр жай тармагында жеке өндүрүштү ишке ашырды. Айталы, Жолдошбаев ачкан “Турук” таш көмүр кени, Нарын облусунун бардык айылдарын көмүр менен камсыздап турган. Экинчи таш көмүр тилкеси Кара-Кечеде ачып, банкрот болуп иштебей калган Кочкор жана Ак-Талаа автобазаларын жандандырды. Азыркы убакта Камчыбек Жолдошбаевдин өндүрүшү 1,5 миң адамды жумуш менен камсыз кылып, өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө салымын кошууда. Ал эми Бишкек шаарында ачкан “Беш- Сары” жана “Беш-Сары Сити” бизнес-соода борборлорунда 3 минден ашык адам жумуш орун менен камсыз болуп, үй-бүлөсүн багып жатат. Мамлекетке ири өлчөмдө салык төлөнүп, экономиканын өсүшүнө өбөлгө болууда. Жыл сайын колунда жок жарандарга кайрымдуулук иштерин үзбөй жүргүзүп турат. Буга “Дача-СУда” орун алган авиакырсыктан жабыр тарткандарга да жардам көрсөтүү пункттарын ачып материалдык жардам көрсөткөнү ачык мисал боло алат.
Камчыбек Жолдошбаев бир гана өндүрүш эле эмес, кыргыз тарыхынын терендигин, түпкүлүктүүлүгүн элдин калың катмарына жеткирүү, ошондой эле элди биримдикке, ынтымакка чакыруу, мамлекеттик бекемдөөгө да өз салымын кошуп келе жатат. Буга “Тагай бий” коомун түзүп, уруулар ортосундагы ырашкерликти даңазалап, улуттун уюткусу болгон ынтымакты бекемдөө жатында илимий-практикалык конференцияларды да уюштуруп, Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүүнү тереңдетүү, атуулдук аң-сезимди өстүрүү багытында да иш-чараларды жүргүздү. Буга байланыштуу Казакстан Республикасынын медицина илимдеринин доктору, академик Шакен Шынтаев, тарыхты калыптандырууда жасаган көмөгү жана эки элдин достугун чыңдоого кошуп жаткан салымы үчүн Камчыбек Жолдошбаевге “Алтын адам” сыйлыгын ыйгарган. Тоо кен өндүрүш тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы, чакан жана орто ишкерликти өстүрүү, жумушчу орундарын түзгөн эмгеги, ошондой эле кайрымдуулукту көп жасаган коомдук иштери үчүн Кыргыз Республикасынын “Даңк” медалы менен сыйланган. “Руханият” Эл аралык ассоциациясынын лауреаты болгон. Мамлекеттик 2-класстагы кеңешчи (генерал-лейтенант чинине ээ). Кыргыз Республикасынын волейбол федерациясынын ардактуу президенти. Дене тарбия жана спорт академиясынын ардактуу профессору, Эл аралык дүйнөлүк бел боо күрөшү федерациясынын вице-президенти.
Кээ бир ММКларда “Жолдошбаев эмне кылды эле?” дегендерге жогорудагы келтирилген фактылар ачык мисал боло алат.
Медербек Касымов, журналист
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ