Menu

Жетимиштеги элеттик акын Салкын Нуркулованын 5-китеби чыкты

Бөлүшүү:

Жетимиш жашты багынткан көп кырдуу элеттик таланттуу акын жана жазуучу Салкын Нуркулова айтылуу табияты кайталангыс кооз келген Арстанбапка улагалаш жайгашкан Жапаш айылында туулуп өскөн. Отуз жылдан ашуун мектепте иштеп, келечек жаш муундарга башталгыч класстын мугалими катары таалим-тарбия берди. Элеттик талант Салкын Нуркулова 70 жаш курагында ырлар, тамсилдер, драма жана дастандарды камтыган 5 китептин автору болуп калды.

    Сейил Аталиева жетектеген Жалал-Абад облустук китепканасынын кызматкерлери тарабынан Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагына караштуу Ооган-Талаа айылынын жашоочусу Салкын Нуркулованын чыгармачылык кечеси өткөрүлдү. Бул туурасында Өкмөттүн Жалал-Абаддагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы маалымдады.

Кечеге облустун аймагында жашап иштеген акын-жазуучулар жана поэзияны аздектеп сүйгөн окурмандар катышты. Облустук китепкананын окурмандарды тейлөө бөлүмүнүн башчысы Айзада Кабирова кеченин катышуучуларына Салкын Нуркулованын чыгармачылыгы туурасында кеңири баяндама жасады. Ал эми мектеп окуучулары болсо Салкын Нуркулованын ырларынан көркөм окууларды аткарышты.

Базар-Коргон районунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Акимбек Нуралиев райондун жетекчилеринин куттуктоосун жеткирип, Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак Грамотасын тапшырды.

– Салкын Нуркулова уникалдуу өзгөчө талант. Отуз жылдан ашуун мектепте башталгыч класстардын мугалими катары татыктуу эмгек өтөп, эмгек ардагери татыктуу наамына арзыган. Боордош казак элинин “Кызжибек” дастанын араб тилинен кыргызчага жогорку чеберчиликте которууга жетишкен. Салкын эже чыгармачыл инсандардын башын бириктирген “Эргүү” чыгармачылык коомдук бирикмесинин мүчөсү,- дейт Жалал-Абад облустук жазуучулар союзунун төрагасы, Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү, акын жана журналист Самидин Стамбеков.

Кеченин соңунда акын жана жазуучу Салкын Нуркулова талантын урматтап келгендерге терең ыраазычылыгын билдирди. Элеттик талант ээси Салкын Нуркулова Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү, облустук “Эргүү” коомдук чыгармачылык бирикмесинин мүчөсү. Жетимишти таянган элеттик акын жана жазуучу азыр дагы чыгармачылыктын үстүндө изденүү менен талбай эмгектенип келүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 − = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: