“Айыл чарбасынын техникалык потенциалын жогорулатуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишиндеги негизги приоритеттүү багыты болуп кала берет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, 25-апрелде, айылдык товар өндүрүүчүлөргө Евразия өнүктүрүү банкынан тартылган инвестициялык насыянын эсебинен алынган айыл чарба техникаларын лизингке тапшыруу иш-чарасында билдирди” – деп маалымдайт Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.
Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев акыркы жылдарда Өкмөт тарабынан дыйкандарды колдоо багытында ири кадамдар жасалгандыгын баса белгиледи.
«Дыйкандарыбызды жаңы техника менен камсыз кылуу максатында «Айыл Банкка» лизингди уюштурууга узак мөөнөткө, төмөнкү пайызда 800 млн. сомдон ашык акча каражаты бөлүнүп берилди. 2016-жылы лизингге техника берүүнүн шарттарын дагы бир жолу карап чыгып, үстөк пайызды 6 пайызга га түшүрүп, насыянын мөөнөтүн 10 жылга узарттык. Дагы да болсо колдогу мүмкүнчүлүктөрдү карап, жеңилдетүүнүн жолдорун карап жатабыз»,-деди Мухамметкалый Абулгазиев.
Биринчи вице-премьер-министр өлкөнүн ар кайсы аймагынан келген дыйкан-фермерлерге түрдүү айыл чарба техникаларынын сертификаттарын тапшырды.
Белгилей кетсек, 2016-жылы республика боюнча дыйкан-фермерлерге 259 даана айыл чарба техникасы жеңилдетилген насыя менен берилген. Жалпы айыл чарбасын каржылоо долбоорунун алкагында 2011-жылдан бери дыйкан-фермерлер 2 миңге жакын түрдүү техникаларды алышкан.
Техникаларды тапшыруу иш-чарасына Айыл чарба тамак аш өнөр-жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев, “Айыл Банк” ААК башкармалыгынын төрагасы Мурат Акимов, Беларусь Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Андрей Страчко катышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ