Menu

Балдарды мектепке эмес, согушка жөнөтүп жаткандай коркунучту кантип жоюуга болот?

Бөлүшүү:

Акыркы мезгилде реслубликабыздын аймагында жол-транспорт кырсыктары көп катталып, алардын көпчүлүгү адам өлүмү менен аяктоодо. Статистикалык маалыматтарга ылайык, учурда өлкөбүздө орточо күн сайын 3-4 адам жол кырсыктарынан каза болууда же майып болуп калууда. Бул согуш учурундагы адам өмүрүнүн кыйылышына барабар. Эмне үчүн тынч мезгилде эле эч кандай курал-жарактан атылган октон же террордук актыдан эмес (андайдын бетин ары кылсын), жолдо баратып же кесилиштерден өтүп бараткан адамдардын өмүрү жалп этип өчүп калууда?

ИИМдин Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары Иманалы Саркуловдун айтуусунда, Кыргызстандагы 86% жол-транспорт кырсыктары айдоочулардын күнөөсүнөн болот экен. Бул сандан 42% авариялар жогорку ылдамдыкта айдоодон болгон. 20,1% – жолдо жүрүү эрежесин бузуу жана туура эмес автомашина айдоо, 14%ы каршылаш жолго чыга калуу жана 8,6%ы мас абалында машина айдаган айдоочулардын күнөөсүнөн болууда. Өткөн жумада эле Бишкектин №74 мектебинин тушунда жөө жүргүнчүлөр өтүүчү кесилиштен “Мерседес” маркасындагы автомашина эки окуучуну басып кетип, алар экөөсү тең оор абалда ооруканага жеткирилип жана бирөөсү азыр кома абалында жатат. Баарынан кызыгы, ошол эки окуучуну басып кеткен айдоочу мындан эки жыл мурда да машина менен бир адамды басып кетип, өмүрүн кыйып, кайра эле ошол кесепетти жасап отурат. Демек, бул ирет да кырсык болгон жерден качып кеткен отуз жаштардагы айдоочу мыйзамга ылайык жазасын албай, укук коргоо, сот органдары “гумандуулук” мамиле жасаган.

Ошондой эле Бишкек-Торугарт жолунун Кемин районунун аймагында эки жуманын аралыгында эки ирет ири жол кырсыгы катталып, анда биринчи учурда үч машина кагылышып, 6, экинчи ирет да үч машина кагылышып, 5 адамдын өмүрүнүн кыйылышы, бул трассада каршылаш жолдордун ортосун бөлүп турган тосмонун жоктугунан болуп жаткандыгын айгинелейт.

Жол-транспорт кырсыктарынын көп катталып жатышы мамлекеттик деңгээлге чейин чыгып, 25-апрелде парламенттин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинде бул маселе каралды. Анда депутаттар өкмөттүн жол коопсуздук эрежелери жана Бишкек, Ош шаарларынын көчөлөрүнө программалык-аппараттык видеобайкоо комплексин, фото жана видеофиксация орнотуу боюнча жасап жаткан иштери тууралуу отчетун укту.

Жол-транспорт кырсыктарын азайтуу маселеси парламентте өткөн жылы 21-декабрда да каралып, аракеттеги мыйзамдар жол кырсыктарын кыскартууга таасир эте албай аткандыгы белгиленген. Мындан улам мас абалында транспорт каражаттарын башкаргандыгы үчүн жазаны олуттуу күчтөндүрүүнүн зарылчылыгы жаралган.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири – депутат Акылбек Жапаров мыйзам долбоору жолдордо жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды күчтөндүрүү максатында даярдалган жана жол-транспорт кырсыктарынын санын төмөндөтүүнүн, анын ичинде алкоголдук, баңги заттык же башка мас абалында ден-соолукка ар кандай деңгээлдеги зыян алып келген транспорт каражаттарын башкарган адамдардын катышуусун азайтуунун зарылчылыгынан келип чыккан.

Алкоголдук, баңгизаттык же башкача мас абалында кайталап транспортту башкаргандыгы үчүн административдик жоопкерчиликтин ордуна жазык жоопкерчилигин кароо сунуш кылынган жана беш жылга чейинки мөөнөткө транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу менен жүз саат мөөнөтүндө коомдук ишке тартуу түрүндөгү негизги жаза менен бирге ошол адам башкарган транспорт каражатын конфискациялоо да сунуш кылынган.

Мындан тышкары, КР Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштар жазанын жаңы түрүн- транспорт каражаттарын башкаруу укугунан өмүр бою ажыратуу жазасын киргизүү сунушталып жатат.

Мындан тышкары, “Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө” кодекске өздөрүнүн кызмат абалдарын аткарбагандыгы же толук өлчөмдө аткарбагандыгы үчүн кайгуул милиция кызматкерлеринин жоопкерчилигин караган жаңы берене киргизилүүдө.

Көпчүлүк депутаттар арасында мас абалында автоунаа кырсыгына себепкер болгон адам бир жыл ичиндеги 2 ирет мас абалында кырсыгы эсептелеби же деги эле 2 ирет кайталоосу саналабы деген суроолор жаралып, сунушталган жазалар өтө кескин эмеспи (?) деген пикирлерин ортого салышкан. Ошону менен катар жолдо мас абалындагы
жарандар өздөрү унаага урунган учурлар, эгер мас абалындагы айдоочуну кармап, кайра коё берип жиберген жагдай боюнча дагы маселелер бар экендиги белгиленген.

Ушул жумада Бишкектин тургундары да борбор калаанын жолдорундагы абалга тынчсыздануусун билдиришти. Жарандык активист Назира Бейшеналиева өткөн апта соңунда Бишкекте окуучулар кабылган жол кырсыгы катталганын, анда балдарды эки тарапка чачырата сүзүп кетүүгө шектелген айдоочу кырсык болгон жерден качып кеткенин айтты.

Акыры ал кармалып, эки жыл мурун дагы адамды сүзүп, өлтүрүп алганы маалым болгон. Мындан улам активисттер буга карата чара көрүү керектигин билдирип чыгышкан. “Балдарыбыз мектепке баратканда согушка жөнөткөндөй болуп коркуп отурабыз. Биз тиешелүү ишкана өкүлдөрү менен сүйлөштүк. “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууга жарым жыл убакыт кетет экен. Жол эрежеси катуу көзөмөлгө алынбагандыктан канчалаган өмүрлөр кыйылып жатат. Буга бийлик тез арада чара көрүшү керек”,- деди Бейшеналиева.

Ошондой эле алар видеокөзөмөл орнотуп, Кайгуул милициясынын ишмердүүлүгүн күчөтүп, айдоочулук күбөлүктү татыктууларга берүү жана жол кырсыктары үчүн чиновниктердин жоопкерчиликти күчөтүү керектигин белгилешет. Активистер билдиргендей, өткөн жыл ичинде эле 128 бала жол кырсыктан каза болгон. Ошондой эле мындай кырсыктардан жабыркаган балдардын саны бир жыл ичинде 10 пайызга көбөйгөн! Жыл сайын 1000-1200 кыргызстандык жолдон ажал табууда.

Ленин райондук соту 22-апрелде эки окуучуну коюп кеткен айдоочу Мирлан Ажибековду №1 тергөө абагына эки айга камоо боюнча чечим чыгарды. Учурда кырсыкты иликтөө-тергөө иштерин Ленин райондук милициясы жүрүзүүдө. 29 жаштагы Мирлан Ажибеков 21-апрелде Бишкекте эки окуучу баланы коюп кеткен деп шектелүүдө. Эске салсак, 21-апрелде Бишкекте №74 мектептин 3-классынын эки окуучусун «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа коюп кетип, балдар оор абалда ооруканага жеткирилген. Алар жөө адамдар өтүүчү тилкеден өтүп баратып, кырсыкка кабылышкан. Унаанын айдоочусу качып кетип, кечке жуук кармалган.

Бирок ички иштер министрлиги бир нече жылдан бери “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууну кечеңдетүүдө. Анын себеби эмне? Болгону ири трассаларга видеокамера орнотуп коюунун канчалык кыйынчылыгы бар? Балким, ал адам факторуна, камералар орнотулса, жолдордо ЖКК инспекторлору болбой, алар “шабашка” иштей албай каларына такалбайбы?!

Булак: “Майдан.kg” 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 39 = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: