Сыягы, азыркы кыргыз жана өзбек бийликтери эки өлкөнүн чейрек кылымдан бери чечилбей келаткан мамлекеттик чек араларды делимитация жана демаркациялоо маселесин аягына чыгат окшойт. Анткени Өзбекстандын Наманган шаарында 10-20-апрелде КРнын Өкмөтунүн Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы, Өкмөттүн атайы өкүлү Курбанбай Искандаров жетекчилик кылган өкмөттүк делегация Кыргызстан жана Өзбекстандын чекара маселелерин талкуулоо боюнча жумушчу топторунун кезектеги кеңешмесине катышты. Жолугушууда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесин делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча позицияны макулдашуу боюнча учурдагы маселелер жана келечек пландар талкууланды. Айрыкча Ш.Мирзиёев президент болгондон бери кыргыз-өзбек мамилелери жакшырып, жарандардын кирип-чыгуусу, соода-сатык алакалар жанданууда. Эң негизгиси күн алыс чек арадагы атышуу, мал уурулук сыяктуу терс көрүнүштөр токтоду. Ошондой эле кыргыз президенти А.Атамбаевдин Ш.Мирзиёев алгач кабыл алган чет өлкөлүк президент болгондугу да жакшы жөрөлгөнун белгиси болгон. Жакын арада А.Атамбаевдин кайрадан Өзбекстанга расмий иш сапар менен барары айтылууда. Сыягы, бул ирет дал ушул такталган чек араларды биротоло демаркациялоо боюнча документке кол коюу башкы документ болот окшойт.
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ