Menu

Игорь Шестаков, саясат таанучу: “Бабановго каршы жасап жатышкан антипиардын экинчи жагы да бар»

Бөлүшүү:

Саясат таанучу жана медиаэксперт Игорь Шестаков саясатчы Өмүрбек Бабановго каршы башталган “кара пиар” компаниясы боюнча өз пикирин билдирди.

“Бабанов азыр эле мамлекет башчылыгына эң негизги талапкер катары баалангандыгына байланыштуу,  анын дарегине да эң эле көп кара пиар багыттала баштады”, – деп билдирди эксперт.

Игор Шестаковдун пикири боюнча башка президенттикке талапкерлерге каршы мындай кара пиар жок. “Бул башка талапкерлердин салмагы Бабановдой бараандуу болбогондугуна байланыштуу болсо керек”, – деп кошумчалаган Шестаков.

“Бабановду ар кандай арзыбаган шылтоолор менен жаманатты кылуу аракети бул законченемдүү көрүнүш. Бирок, антипиардын экинчи жагы да бар: эгерде саясатчыны дайыма эле ооздон түшүрүшпөй сөз кылышса жана каралай беришсе эл мунун баары калп экенин түшүп калышат. Андыктан антипиар менен алек болгондор муну да эске алышы керек”, – деди саясат таанучу.

“Андан башка да, 2015-жылдагы Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыктарын кароо зарыл. Анда Өмүрбек Бабанов жетектеген “Республика-Атажурт” партиясы экинчи орунду ээледи. Бабановдун бүгүнкү жогорку рейтинги ошол 2015-жылдын уландысы. Шайлоо бул саясатчынын реалдуу рейтингин көрсөтөт. Демек анын идеялары жана өзү шайлоочулардын колдоосуна ээ. Бул кыргызстандыктардын тандоосу. Менин байкашымча Бабанов жаңы формациядагы саясатчылардын катарына кирет, ал реформатор. Ошондуктан ага жаңы үмүттөрдү артышат. Беш жыл ичинде анын партиясы төртүну орундан (2010-жылкы парламенттик шайлоодо) экинчи орунга (2015-жылкы парламенттик шайлоодо) секирик жасады. Бул элдин ишениминин көрсөткүчү”, – деп жыйынтыктады Игорь Шестаков.

Булак: 24.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 + = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: