Menu

Алмазбек Токторов, ЖК депутаты: “БУУга барып, пленардык кеңешмеге катышпай келген чиновниктер бар”

Бөлүшүү:

– Алмазбек Сатиевич, социалдык комитеттин жыйынында ФОМСтун дарегине катуу сын айттыңыз…

– Азыр камсыздандырылган категориялардын, мисалы, аскер кызматчыларынын, пенсионерлердин, он сегиз жашка чейинкилердин камсыздандыруу взносторун бүт мамлекет төлөп берет. Ал эми ишкерлер өздөрү төлөшү керек. ФОМС жаңы киргизилгенде 70 пайыз болчу, ошол бойдон турат, көбөйгөн жок. Өкмөттөлөп, соцфонд чогултуп берип атат, булардын (ФОМСтун) өздөрүнүн аракети жок болуп атат. Элди «камсыздандырылып алсаңар, ооруканага барганда жаткаңыңар, дары-дармегиңерге жеңил болот» деп ишендире, ынандыра албайтат. Себеби, ооруканаларда дары-дармек бекер эмес. Башында жаңы киргизилгенде, башка жетекчилер иштеп жатканда дары-дармектердин кайсы бир бөлүгү бекер болчу. Азыр андай таптакыр жок. Бир капельница, бир физраствор, бир шприц берет, болду, калганын «өзүң сатып ал» дейт. Негизи, бир бөлүгүн ФОМС төлөп, дарылар берилип атабы, оорулуу кишиге жетип атабы деп көзөмөл кылышы керек болчу. Анын ордуна жалаң кооз сүйлөмөй. Тынбай конференция, тегерек үстөл, семинар өткөрүшөт. Же анын жыйынтыгы жок…

– Мындай болуп атканы мекемеге байланышуубу, же жетекчигеби?

– Жетекчи ошону уюштурушу керек да. Эмне үчүн мурунку жетекчинин тушунда система иштеп аткан, а бул жетекчи келгенде иштебей калды? Фармпоставщиктер жалдырап тыйын бермейин, булар акча которушпайт. Ошондой система түзүп алышкан. Мындай текшерип чыксаң, бардыгы кооз, бардыгы жакшы. Бирок, иштин түпкү жыйынтыгы жок болуп жатат.

– «Саламатык сактоо министри ФОМСтун жетекчисин калкалап атат» деп айттыңыз. Бул сөзүңүздө кандайдыр бир негиз барбы, же сизге ошондой сезилип жатабы?

– Саламатгык сактоо тармагындагы каражатгын 80 пайызы ФОМСко бөлүнөт. Биз саламаттык сактоого министри жооп берет деп дооматты ошого коёбуз. А бул акырын көмүскөдө отурат. Каражат ушуда, а бирок, өзү көмүскөдө. Министр жооп берип атат баардыгына, а бул эчтекеге жооп бербейт, акырын отурат, билмексенге салып, өлүмүш болуп.

– Деги бул кишиге карата жеке таарынычыңыз, ич-күптүңүз жок беле?

– Жок. Менде жеке таараныч болот, эгерде жумушун аткарбаса. Кооз сүйлөп, калп айтса. Мейли, менин айтканым туура эмес болсун, бирок, кырдаалды өзүңөр деле көрүп атпайсыңарбы. Эл нааразы. Ооруканага барса «буга төлө, тигиге төлө» дейт. Каражаттын баары ФОМСка бөлүнсө, дары-дармекке бөлүнгөн акча эмне себептен жетпей жатат? Муну көзөмөлдөш керек да. Мамлекет менен жеке менчиктин ортосундагы өнөктөштүктү өнүктүрүүдө камсыздандыруучу медицина эң активдүү ролду ойношу керек. Өкмөт мамлекеттик ооруканаларга кызматкерлердин айлыгын, имаратын төлөп, жабдууларын коюп, баардык шарттарды түзүп берет. Алар тыйынын алып эле койкоюп жүрүшөт. Ал эми жеке менчик клиникалар имараттарды өздөрү курат, жабдууларды сатып алышат. Эмне себептен ФОМС ошолор менен келишим түзбөйт? Тегиз караш керек да. Мамлекеттик ооруканаларды эркелетип атат. Эркелеткен сайын, «эшектин жүгү канчалык жеңил болгон сайын жаталак болот» да.

– Командировкага көп чыкканы жөнүндө фактыларыңыз барбы?

– Ал боюнча мен запрос кылсам бербей жатышат. Тынбай сыртта жүрөт. Жүргөнгө жараша келип айт да, эмнеге барып келдиң, эмнени үйрөндүң? Анан алардын системасы бизге туура келеби, же келбейби? Азыр мен аткаруу бийлигиндегилердин көбүн карап атам. Чет өлкөгө командировкага барганда бир күн эле катышып коюшат да, башка күндөрү эс алып эле жүрүшөт. Мен керек болсо фамилияларына чейин билем. Тээ БУУга чейин барып, пленардык кеңешмеге катышпай келгендер бар. Тигилерди быякка чакырышат, «чет өлкөдөн тажрыйба алмашканы кишилер келишти» деп акча бөлдүрүп алышып, бул жерден сыйлашат. Анан алар буларды чакырышат, айтор, бири-бирин коноктомой…

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − 21 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: