Menu

Текебаевдин «чырпык кадрлары» адилеттүү пикир айтканга неге даашпайт?

Бөлүшүү:

Ушул күндөрү башынан тагдырдын оор сыноолорун өткөрүп жаткан Өмүрбек Текебаевге карата партиясындагы 7-апрелден кийин «үймөлөктөшкөн» кирди-чыкты кадрларынын бириси да адилеттүү пикирин атууга даабай, штабда эски малдын көзүндөй болгон Болот Шер менен Асия Сасыкбаева жанынан кабардар болдук. Кыскасы, кимдин ким экендиги четинен иргелүүдө. Айрыкча «бокмурун» кездеринде Өмүкенин арты менен депутат болушкан Жоомарт Сапарбаев, Бактыбек Калмаматов, Гүлниза Бейшенбаева баштаган «чырпык кадрлары» Текебаев камалганда адилеттүү пикир айтканды мындай кой, кабар алганга жарабагандары неси? Буларга караганда Жанар Акаев эр экен, Текебаев тууралуу калыс пикирин айта коюп, анысы үчүн фракциядан куулуп калды. Өзгөчө Жоомарт Сапарбаев эки ирет «Ата Мекендин» арты менен депутат болгон жайы бар эле, эми эски шефинин башына иш түшүп, кыйын күнгө кабылганда салам айттырганга жарабаганы жигитчиликке деле жатпайт го? Турмуш деген өйдө-ылдый болот, эртең Текебаев камактан чыкса жүзү жарык салам беришет эле да, туурабы? Кысталактар, өткөн-кеткен таарынычтарды эстеп кектешпей, кечиримдүү эле болушпайбы.

Булак: “Азия Ньюс” 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 + = 99

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: