Menu

Айгүл Текебаева, оппозиция лидери Өмүрбек Текебаевдин жубайы: “Атасы үчүн кызым атасын коё беришин, аны камагандарды жазалашын суранып Кудайга кат жазды”

Бөлүшүү:

Учурда УКМК абагында камакта жаткан оппозиция лидери Өмүрбек Текебаевдин абактагы мөөнөтү дагы бир айга узартылып, 25-майга чейин камакта калмай болду. Бул чечимге «Ата Мекенчилер» нааразы. Анын мыйзамсыз камалганын айтышып, үй камагына бошотулушун талап кылып келишет. Ал эми эки айдан бери абакта жаткан Текебаевдин абалы, саламаттыгы туурасында анын жубайы Айгүл Текебаевадан сурап көрдүк.

– Айгүл айым, Өмүрбек Чиркешович камалгандан бери канча жолу жолуга алдыңыз?

– Өмүрбекти жалган жалаа менен камакка алышканына эки айдын жүзү болду. Бул аралыкта мен ага үч жолу жолуктум. Биринчи жолкусунда мен аны бизден сарсанаа болбосун деп сооротоюн дегем. Тескерисинче, «менде баары жакшы болот, мага кабатыр болбо» деп, ал мени сооротуп кирди. Аны жок жерден күнөөлөп, камап жатышса дагы, ал ар дайымкыдай күчтүүлүгүнөн, курчтугунан, токтоолугунан жазбаптыр. Ар жолку жолукканда мен ошол нерсени байкадым. Мунун сыры деле жок. Ал өзүнүн ак экендигине ишенет.

Мен ага жолукканда мени алаксытуу амалын таап, тамашалоодон да кыйгап өтпөдү. Сылык-сыпаа тамашасы менен мени узатты. Ал абдан жароокер, мээримдүү. Ар дайым бардыгы үчүн тынчсызданып, кабатыр болуп турат. «Бийлик тарабынан кимдерге кысым болуп жатат?» деп катардагы партиялаштарынан өйдө, укук коргоочу, журналисттерге чейин сурайт.

– Жанында дагы кимдер бар экен, убакытты кантип өткөрүп жатыптыр, жолукканда биле алдыңызбы?

– Ал камерада жалгыз. Көп окуйт. Анын жанында ар дайым окугандан тажабаган китеп-достору бар. Өмүрбек Черчиль ж.б. сыяктуу дүйнөлүк улуу саясатчылар жана алар тууралуу китептерди, ошондой эле дүйнөлүк адабияттарды сүйүп окуйт. Ал эми күнүнө бир маал УКМКнын сыртына таза абага сейилдөөгө бөлүнгөн убакытта ден соолугуна кам көрүп, көбүрөөк басып турарын айтты.

– УКМК кызматкерлеринин ага карата мамилелери кандай болуп жатыптыр?

– УКМКнын катардагы кызматкерлеринен өйдө ага жакшы мамиле кылышаарын, аны сыйлашаарын байкадым. Ал өзү да кызматкерлер тууралуу негативдүү бир сөз айткан жок.

-Өмүрбек Чиркешович Австрияга барганга чейин ооруканада жаткандыгы белгилүү. Азыр ден соолугу кандай экен?

– Ооба, ал Венага кеткенге чейин 10 күнчө ооруканада жатты. Жүрөгү ооруп, дарыланды. Азыр Кудайга шүгүр, ден соолугу туруктуу. Дарыгер жазып берген дары-дармектерди ичип жатат. Баары жакшы болот деп ишенем. Учурда Өмүрбектин саламаттыгы боюнча бардык жоопкерчилик УКМК жетекчиси Абдил Сегизбаевдин мойнунда.

– Аэропорттон түнкү саат үчтө атайын даярдыктагы операция менен кармап кетип, камакка алышты. Жанында сиз бар экениңиз айтылды. Окуя кандайча болду? Ал киши өзүн камап коюшарын билди беле? Ошол түнү аэропорттогу абалдан кабардар беле?

– Өмүрбек Вена шаарында жүргөндө эле ага кылмьпп ишин козголгондугун билиптир. Мен жанында болсом да, анын бир кыймыл-аракетинен же маанайынан сезген жокмун. Ал өзүн ар дайымкыдай бир сырдуу кармап жүрдү. Венадан Стамбул аркылуу учтук. Мен Стамбулга келгенде гана уктум. Ал эми Бишкекке учуп келгенде аэропорт ИИМдин кызматкерлеринин курчоосуна алынгандыгын билдик. Ошол учурда да Өмүрбек «баары жакшы болот, чууга алдырба, тынч бол» деп менден суранды. Траптан бизди атайын кызматтын өкүлдөрү тосуп чыгышты, аны башка жолго буруп, алып кетишти. Мени ал жакка коё беришкен жок, калып калдым. Ал тургай сөз айтканга үлгүргөн жокмун, мүмкүнчүлүк беришпеди. Өмүрбекти эл аралык террористтей кармап кетишкени мени таң калтырды. Бул – бийликтин алсыздыгы, ӨмүрбекТекебаевден корккондугу катары бааласа болот. Мындан артык түшүндүрүүгө болбойт. Албетте, Өмүрбек – бийликтин эң негизги оппоненти. Аны камап коюу менен башка оппозициячылардын мизин кайтаруу максаты көздөлдү. Бирок, акыйкаттыкты мындай жол менен сындырууга мүмкүн эместигин бийлик билиши керек.

Өмүрбек Чиркешович эч кайда качып кетпейт эле. Ал мыйзам алдында жана эл алдында өзүнүн ак экендигине ишенет. Ал муну далилдейт. Мындан шегим жок. Бийлик канчалык ага жалаа жаппасын, көө сүртпөсүн, бийликтин кара пиарлары болгон ЖМКлар аркылуу ылайлатпасын, ага эч кандай чаң жукпайт. Анткени, ал таза инсан. Анын элине, мамлекетине адилет, калыс иштегенден артык ой-максаты жок.

– 21-апрелде Биринчи май райондук соту Текебаевди дагы бир айга УКМК абагында камакта калтырган чечим кабыл алды. Бул нерсени кандай кабыл алдыңыз?

-Бул күтүлгөн эле нерсе болчу. Өмүрбекти убактылуу камап, анан кайра коё берүү үчүн жалаа менен кылмыш ишин козгошкон жок. Биз буга да даяр болчубуз. Бийлик жана анын көзөмөлүндөгү соттор мыйзамды уруп ойношкон жок. Бир гана максат – Текебаевди камап, саясаттан көп убакытка чейин оолактатуу болгону жашыруун эмес. Бул иште саясый кызыкчылык гана көздөлүүдө. Бирок, акыры сөзсүз түрдө, бийлик муну каалабаса да, Өмүрбек Текебаев камактан чыгат. Ошондо азыркылардын жүзү кандай болот, мага ошол кызык…

– «Атамекенчилер», Текебаевдин колдоочулары буюрса, бир айдан кийин камактан чыгат деп үмүт артып жатышат. Бирок, бийликтен баарын күтсө болот. Кокус, кырдаал башкача болуп, иши сотко өтсө, кийинки кадамыңыздар кандай болот?

– Биз чындыкка жетмейинче, акырына чейин күрөшөбүз. Чындык, акыйкаттык эч качан жеңилген эмес.

– Өмүрбек Чиркешович камакка алынганда анын тарапташтары бошотулушун талап кылып 4-5 күн катары менен митингге чыгып жатышты. Бирок, окуя башка өңүттө уланды. Айрым басылмалар сиздин «ата-мекенчилерге» капа болгонуңузду жазып чыгышты. Чын эле «атамекенчилер» катуу турушса, Текебаевди чыгарып алышмак деп ойлойсузбу?

– Бул болбогон кеп. Мен эч качан «атамекенчилерге» Өмүрбектин тарапкерлерине капачылыгым болгон эмес. Өмүрбектин да аларга таарынычы жок. Бул кыйын мезгилде бизди колдогон ар бир адамга ыраазыбыз жана бул жакшылыкты унутпайбыз. Өмүрбек Чиркешович өзү да аны колдоп, радикалдык, мыйзамсыз кадамдарга баруудан, чагымчылдыктарга алдыруудан сак болууга чакырып, айттырып келет.

– Азыркы учурда балдарыңыздын жанында убактылуу жалгызсыз, бул күндөрү сизге моралдык, физикалык жактан жардам бергендер болуп жатабы?

– Биздин балдар кандай гана кыйынчылыктар болбосун, баарына даяр болууга тарбияланышкан. Албетте, алар атасын сагынып жатышат. Айрыкча кичүү кызы Айсарага буларды түшүндүрүү кыйын болууда. Жакында ал атасын коё беришин, аны камагандарды жазалашын суранып, Кудайга кат жазды. Бала да, жүрөгүм тилинди… Калгандары чоңоюп калышты, баарын түшүнүшөт. «Жакында атабыз чыгат, баары жакшы болот» деп ишенишет.

Биз жалгыз эмеспиз. Жакындарыбыз, туугандарыбыз, досторубуз, Өмүрбек Чиркешовичтин ишенимдүү колдоочулары жаныбызда. Алар бизди ар тараптан колдоп, көңүл буруп жатышат.

– Айгүл эжеке, маегиңиз үчүн ыраазычылык билдирем. Өмүрбек Чиркешовичтин чындыкка жетишине мен да тилектешмин.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 + = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: