Өкмөт кыргызстандыктарды ун жана буудай менен камсыз кылууга 400 млн сом бөлөт. Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 16-мартта өткөн жыйында билдирди.
Анын айтымында, бюджеттен 400 млн сом бөлүнөт. Андан сырткары эки мамлекеттик коммерциялык банктар ар бири 200 млн сомдон бөлөт.
Учурда Материалдык резервдер боюнча мамлекеттик фонддо 60 миң тоннадан ашык ун жана буудай бар, ал өкмөт койгон баа менен аймактарга сатыкка чыгарылат.
Ошондой эле премьер-министр азык-түлүктүн баасын жогорулаткандарга айып салынаарын айтты.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ