Menu

Молдо тирүү наристеме жай айтып, менин ыраазычылыгымды айттырды

Бөлүшүү:

Эне жүрөгү сезимтал эмеспи. Баарын жүрөгүнөн сыдырып өткөрүп кейий бермей адаттары бар. Жайна апа жаш кезинде башынан өткөн окуяны эстеп, дайыма өкүнүп калчу. Кайра өзүн сооротуп, өзүн эмес ошол убактагы заманын, жашоонун нугун күнөөлөйт. Балким ошол кездеги тагдыр сыноосудур. Айтор, андан бери канча суу акты. Заман алмашты…

«Ооба, ал кезде ушундай заман катаал болчу, – деп Жайна апа сөзүн улады. – Андан бери канча жылдар өттү. Ал убакта оорукана, дарыгер деген айылда жаңыдан пайда боло баштаган кез. Кызым Жаркын там-туң басып, тили чала-була ата-апага келип калган кез. Ошол кезде деле көр оокат деп талаага чыкмай, отоо чөптөрдү отомой. Бүтпөгөн үй жумушу. Ушундай күндөрдүн биринде кызым ооруп калды. Эти ысып онтоп, кыйнала баштады. Кайненем ыраматылык кайраттуу, такыба киши эле. «Молдо чакырып, кызга дем салдырталы» деп калды. Айылда Жуман деген молдобуз бар эле. Кошунанын баласын молдого жумшап, жолдон кудагыйды да чакыра кел деди. Жүрөгүм «болк» этип, кайненемдин апамды эмнеге чакыртып жатканын суроого даай албадым. Бирок, жүрөгүм бир жамандыкты тереңде сезип жатты. Кайненем кызымды өзүнө алып ырым-жырымын жасап, дуба түшүрүп жатты. Мени болсо «бар оокатыңды кыл, керек болсоң чакырып алам» деп койду. Кайдагы жумуш, кайдагы оокат, улам эшиктин тешигинен кызымды шыкаалап карайм. Жанымды коёрго жер таппай жүрөгүм ооруп чыкты. Эшиктен кирип барып, кызымды алганга даабай турдум. Ал кезде заман ошондой – улуулардын сөзү мыйзам эле. Акырындап кызымдын ыйлаганга дарманы жетпей баратканын сезип турдум. Молдо да кечигип жатып, бир саат аралыгында зорго келди. Ал кезде кызым тыптынч болуп уктап калган. Жуман молдо келип эле дем сала баштады. Молдо менен келген апам кызымды алып кайненемдин катарында отурду.

Күн кеч убак болуп калган. Бир маалда «ай келин, кир бери» деген үн селт эттирди. Кирип барып эле кызымды көрүп, өзүмдү жоготуп койдум. Көзүм караңгылап, кулагыма элдир-селдир гана үндөр угулгансыйт. «Айланайын Жайна, кеч болуп калыптыр. Молдо баланы кыйнабай, «сүт акымдан кечтим» деп айтып, ыраазычылыгыңды берсин деп жатат» деген кайненемдин үнүн угуп, көзүм умачтай ачылды. «Жок, кызым өлбөйт, Жаркыным өлбөйт!» деп кызымды апамдын колунан жулуп алдым. Бирок кызымдын колдору, буттары шалактап, бети көгөргөнсүп калыптыр, көпкө алдейлеп отурдум. Кызымдын араң эле дем алганы угулат. Бирок, колу-буту жылуу эле. «Жок, айта албайм, өлгөнүнө макулмун, өлө берсин деп кантип айтам» деп шолоктоп жаттым. Бир убакта молдо «айланайын, балаңды кыйнаба, сен ыраазычылыгыңды берсең эле балаңдын кыйноосу бүткөнү турат. Айтсаңыз боло
жарыктык» деп апама кайрылды. Апам бечара ыйлап жатып көздөрү шишип чыккан. «Мен кантип айтайын. Кызым, айланайын өзүң чеч, жүрөгүң менен кеңеш» деди мени карай. Айлам куруп, дүйнө тар болуп турду. Кызым онтоп кыйнала баштады. Молдонун айтканы жүйөлүү болуп турду. Кызымды бек кучактап, бетинен өөп, чачынан жыттап туруп, «ак сүтүмдөн кечтим, ыраазымын» деп боздоп жыгылдым. Молдо болсо тирүү наристеме жай айта баштады. Уккум келбей сыртка чуркап чыктым да, бакырып, өкүрүп ыйлап жаттым. Апам молдону узатып, «кой балам, кайрат кыл» деп үйгө кирип кетти. Аңгыча арабанын кыйчылдаган добушу угулуп, короонун эшиги ачылып, кызымдын атасы көрүндү. Райондон орус дарыгерди алып келип калган экен. Көкүрөгүмө «жылт» этип үмүт оту жана түштү. Дарыгер кызымдын көкүрөгүн тыңшап, башын чайкап жатты. «Оорусу аябай өтүшүп кетиптир» деп эки жолу укол сайды. Чай кайнам убакыт өтпөй кызым көзүн ачты. Бирок дале онтоп, энтигип жатты. Оо жараткан, мунуңа да ыраазымын деп көзүмдөн кубанычтын жашы сызылды. Ошентип кызымдын көрөр күнү, ичер суусу түгөнбөптүр. Айыгып кетти. Бир гана энелик сүтүмдөн эрте кечип, ыраазычылыкты эрте бергеним жандүйнөмдү кыйнап, чачымды ак бастырды. Кызым болсо бейкапар энекелеп, үйрүлүп, кирпигиме кир жугузбады. Эч качан эне деген балага жамандык каалабайт экен. Өмүр бою ушул окуяны кызыма айта албай, үстүмө жүк болуп келди. Бул да болсо тагдырдын жиберген сыноосу экен. Жок дегенде сага айтып жеңилдеп калдым» деп оор үшкүрдү.

Бул окуя мени да көпкө ойго салды. Ошол кездеги адамдардын караңылыгына, азыркы дарыгерлердин кайдыгерлигине кейип турдум.

Анара Байнар

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − 25 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: