Menu

Македония парламентинде кагылышуу болду, оппозиция лидери ооруканада

Бөлүшүү:

Македонияда Улуттук биримдик партиясынын (ВМПО) 200дөй тарапкери парламентке кирип барышып, айрым депутаттарды ур-тепкиге алышты.

Жабыркагандардын арасында социал-демократтардын лидери, Струмица шаарынын мэри Зоран Заев жана үч албан депутаты бар. “Албан альянсынын” лидери Зиядин Села ооруканага жеткирилген. Жаңжалда көпчүлүк башынан жаракат алганы кабарланууда.

Демонстранттар социал-демократтар менен этникалык албандардан куралган көпчүлүк коалиция албан депутат Талат Заферини спикерликке шайлашына нааразы. Жыйырма жылдай парламенттик көпчүлүктө болуп, өкмөттү курап келген ВМРО 2016-жылкы шайлоодо көп мандат алса да оппозицияда калган.

Македония президенти Георге Иванов бардык партия лидерлерин 28-апрелде жолугууга, элин тынчтыкка чакырды.

Башкаруучу Улуттук биримдик партиясы менен оппозициялык Социалдык-демократиялык биримдик өлкөдөгү негизги саясий күчтөр болуп эсептелет. Македонияда 11-декабрда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөн. Узакка созулуп кеткен саясий кризистин тушунда жеңүүчү аныкталган эмес. Эки партия тең өкмөттү куроого талапкер болушууда.

Заев Ивановдон жаңы өкмөт куроону сураган, бирок президент социал-демократтар албан азчылыктардын кызыкчылыгын коргоп, өлкөнүн унитардык мүнөзүн коркунучка кириптер кылат деген жүйө менен макулдук берген эмес. Өлкөдө көп жылдан бери массалык демонстрациялар өтүп келет.

Албандар Македониядагы калктын төрттөн бирин түзөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: