2017-жылдын 24-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында өтүүчү Кыргыз Республикасынын башчысы кызматына расмий түрдө киришүү аземин өткөрүүгө байланыштуу автоунаалар үчүн Бишкек шаарынын кээ бир көчөлөрү убактылуу жабылат. Бул туралуу ИИМдин ПМББнын Басма сөз кызматы маалымдады.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин патрулдук милиция башкы башкармалыгы 2017-жылдын 24-ноябрь күнү Бишкек шаарынын айрым көчөлөрү, анын ичинен Ч. Айтматов, Манас жана Чүй проспектилери автоунаа каражаттары үчүн убактылуу жабылаарын эскертет.
Ушуга байланыштуу борбор шаарыбыздын жарандары жана коноктору түшүнүү менен кабыл алып, мүмкүн болушунча башка жолдорду тандоону сунуш кылат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ