Menu

Адахан Мадумаров, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери: «Мен бир киши менен келишимге келсем, сестенип шектене бергенди жаман көрөм»

Бөлүшүү:

— Адахан Кимсанбаевич, ушул жылы өтчү президенттик шайлоонун мөөнөтү талаш. Качан болуусу керек?

— Шайлоону Жогорку Кеңеш дайындайт. Өз ыйгарым укуктарын билбей олтурушат. Эрк жок, ооз ачуудан коркушат. Туура эмес сүйлөп аламбы деген коркунуч бар. Шашып кабыл алган Конституциясынын 74 –беренесинде жазылып турат “Президенттик шайлоону Жогорку Кеңеш дайындайт” деп. Эки ой болуу мүмкүн эмес.

— 3–4 саясатчы шайлоого барышаарын жарыя кылышты, сиз унчукпайсыз?

— Армяндардын жакшы макалы бар “Сайга жетмейинче багелегиңди түрүнбө” деген. Убагы келсе айтабыз.

— Эки өнөктөшүңүз тууралуу “бийлик тарап менен тымызын иштерди жүргүзүп жатышат, тиги кишинин кеңешчиси менен абдан жакшы болуп кетишти. Мадумаровду алдап жолдо таштап кетишет”– деген сөздөр күчөдү?

— Ким күчөтүп жатат? Андай сөздөрдү көп эле угам. Мен бир киши менен келишимге келсем, сестенип шектене бергенди жаман көрөм. Байыркы кытай акылманы “Ак ниет адамдын руху бийик, ошондуктан, анын бактысы терең, түгөнгүс. Анын баардык иштеринде эркиндик бар. Жаман адамдын руху пас, ошон үчүн анын кубанычы тайыз, бат түгөнмө” деп айтканы бар. Ушактарга ишене бербейм. Адам адамды алдабайт, өзүн алдайт.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: