Menu

Электрондук сот адилеттиги – эртеңки күн

Бөлүшүү:

Эл аралык донорлор Кыргызстанда сот реформасын ишке ашыруу үчүн көп эле жардам беришүүдө. Коомчулук алардын эмне кылып жатканы, дегеле бул долбоорлордун канчалык пайдасы бар экендиги тууралуу кабары барбы? Мына ушундай долбоорлордун бири Европа биримдигинин Кыргызстандагы мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө долбоору. Анын эксперти Кристоф Копецки сотторду башкаруу жана электрондук сот адилеттигине жетишүү боюнча бир топтон бери иштеп жатыптыр.

-Кристоф, сот мекемесин башкаруу үчүн өзгөчө жөндөм керекпи?

-Сот мекемесин жетектөөгө персоналды башкаруу, иш кагаздарын жүргүзүү, сот имаратынын коопсуздугун камсыз кылуу жана ага кайрылган жарандар менен мамиле түзүү кирет. Биринчи кайрылган адам үчүн ушул иштер кандай жолго коюлганы чоң таасир калтырат.

-Сиз кандай конкретүү маселенин үстүндө иштеп жатасыз?

-Биз азыр соттордун төрагалары үчүн атайын окуу курсунун үстүндө иштеп жатабыз. Анткени бардык иштерге соттун төрагасы жооп берет. Биз Кыргызстандын аймактарын кыдырганда айрымдар мындай иштерден түшүнүгү жок экенин көрсөтүштү. Анан калса, Кыргызстанда ар бир үч жыл сайын соттун төрагасы жаңы дайындалып турат. Башкарууну үйрөнүп аны иш жүзүндө пайдалана билүү үчүн бул убакыт абдан аз. Мен мисалы, Австриядан болом. Австрияда жана Германияда соттун төрагасы болуп дайындалган адам жашы өтүп кеткиче ошол кызматта кала бериши мүмкүн. Биз Жогорку соттун Сот Адилеттигинин Жогорку мектеби менен бирдикте атайын окутуу курсун иштеп чыксак, кийин ал куррикулум катары ал мектепте окутула бермекчи.

-Эми электрондук сот адилеттиги деген эмне?

-Электрондук сот адилеттиги – компьютер, интернет аркылуу ишке аша турган иш кагаздарын жүргүзүү. Биздин алдыдагы максат- сот өндүрүшү үчүн атайын компьютердик программаны иштеп чыгуу. Бул автоматташтырылган информациялык система (АИС) деп аталат. Бул система аркылуу соттук процесстердин өтүшүн, кайсы бир маалыматты издөө, статистикалык маалыматтар, документтердин айланышын жөнгө салууга болот. Азыр документ издөө, статистика­лык маалыматтарды жыйноо кол менен жасалгандыктан, аны жасоо абдан оор бойдон калууда. Мисалы, ар бир кварталда сот канцеляриясы статистикалык маалыматтардын үстүндө бир жумадай
иштешет. Анткени алар андай маалыматтарды сот департаментине жиберип туруусу керек. Келечекте, сиз миса­лы бир эле кнопканы басып койсоңуз, керектүү статисти­калык маалыматтар чогулуп калат. Ошон үчүн биздин милдет-ушуларды аткара турган программаны иштеп чыгып, 3 сотто пилоттук долбоор катары буларды ишке киргизип жатабыз. Биринчи пилоттук долбоорду Аламүдүн райондук сотуна киргиздик, азыр Свердлов райондук сотуна да киргизип жатабыз. Үчүнчүсү, Бишкек шаардык райондор аралык сотуна да киргизилет. Ушинтип бирин­чи инстанциядагы соттордун бардык талаптарына туура келе турган программаны киргизсек, экинчи этапта экинчи инстанциядагы сот­тордун ишине ылайыкталган программа иштелип чыгат.

Ушу жылдын аягына чейин ошо программаны иштеп чыгып, үч пилоттук сотто иштей баштайт. Биз бул үчүн программа жасай турган жергиликтүү компанияны тандадык.

Ошондой эле ДАТА-борбор же борборлоштурулган маалыматтарды иштеп чыга турган борборду да каржылайбыз. Азыркы учурда бир чечимди кабыл алсаң, аны башкаларга жеткирүү да бирдей болуш керек. Ал чечим ушул ДАТА-борбор аркылуу тарайт. Судьялар коопсуз интернет каналы аркылуу борбордо жайгашкан ушул ДАТА-борборго кошулушат. Бул жерде коопсуздук өтө жогору деңгээлде корголуш керек, анткени мында бар­дык маалыматтар сакталат. Заманбап технологияларды колдонуу ушундай мүмкүндүктөрдү ачып жатат. Биз ушундай иштер боюнча Адилет сот мамлекеттик мекемеси менен тыгыз иштешип жатабыз. Адилет сот азыр атайын программаны иштеп жаткан жергиликтүү компа­ния менен иштешип, кийин алар бардык эксплуатацияны өз колдоруна алышып, пайда болгон мүчүлүштүктөрдү четтетип, жаңы пайда болгон технологияларды киргизип турушат.

Биз программаны иштеп чыгууну лицензиясы жок, ачык код аркылуу иштей тургандай кылып жасап жата­быз. Башкача айтканда программалык камсыздоо үчүн лицензия сатылып алынбайт жана баары мыйзамдуу. Эгер биз Майкрософттун же дагы башка фирманын лицензиясын сатып алуу менен гана иш алып бара турган болсок, буга абдан чоң каражат кетет. Долбоордун башында бул маселе чечилип, ушул жол менен кетүүгө токтогонбуз. Мисалы, Австрияда мындай иштер Майкрософттун лицензиясы аркылуу гана ишке ашат, бул абдан кымбат. Азыр Европада да ушул боюнча талаш-тартыш жүрүп жатат. Анткени бардык иштерди жүргүзүү бир америкалык концерндин чечимине көз каранды болуп жатпайбы.

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 96 − = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: