Энергетикалык эгемендигибиздин символу болгон “Датка-Кемин” электр станцияларына коркунуч жаралууда. “Кемин” подстанциясынан жарым чакырым аралыкта цемент заводун курабыз деген “Шанфен ЗЭТ цемент” ишканасы “эч кандай зыяны тийбейт. Эгер подстанцияда авария болсо өзүбүз оңдоп беребиз” – деп өлүп-талып жатышат. “Цемент заводдон чыккан чаң аралаш толгон-токой химиялык заттар станцияны иштен чыгарат, электр чубалгылары дат басып, эч нерсеге жарабай калат” – деп адистер авариянын алдын алууга чакырууда. Ээленип алган завод ээлери болсо эки жылдан бери эч кимди укпай келет. Жалпы улуттук деңгээлдеги стратегиялык мааниси зор “Кемин” подстанциясын талкалоо ишин тартынбай баштагандардын артында ким турат деген суроо кызык болууда.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ