Menu

Дин аалымдары Аюу-Сай айылынын жашоочуларынан кабар алып, Аалымдар Кеңеши тарабынан жаназа окуу боюнча чыгарылган фатваны элдин ыктыярына калтырышты

Бөлүшүү:

Кечээ, 1-май күнү Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев жана АКнын өкүлдөрү Мамасабыр ажы Досболов, Тажидин ажы Байтейитов, Ниязали ажы Арипов, Абдималик ажы Турсунбеков, Азирети Муфтийдин орун басары Замир кары Ракиев жана Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз кары Закиров, Ош облусунун казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башкы адиси Бөрүмухамбед Эсенов жана райондун баш имам хатибдери Өзгөн районунун Аюу-Сай айылындагы жер көчкүдөн каза болгон мекендештерибиздин жакындарынан кабар алып, айыл элин сабырдуулукка, кайраттуулукка чакырышып, маркумдардын туугандарына көңүл айтышты. Муну менен катар АКнын өкүлдөрү 30-апрелдеги Аалымдар Кеӊеши тарабынан чыгарылган фатва менен тааныштырышып, фатваны аткарууну жергиликтүү элдин ыктыярына коюшту. Бул туурасында Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы маалымдады.

«Бүгүн Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев жана мүчөлөрү, Азирети Муфтийдин орун басары Замир кары Ракиев баштаган дин аалымдары Аюу-Сай айылына келишип, маркумдардын жакныдарына көңүл айтышты. Ошондой эле кечээ, 30-апрелде Аалымдар Кеңеши тарабынан чыгарылган фатваны тааныштырышып, фатваны аткарууну элдин эркине калтырышты. Муну менен катар дин аалымдары шарият өкүмдөрүн түшүндүрүү менен сөөк өз калыбынан кете электе жаназа окулушу керектигин айтышып, ошол эле учурда фатваны аткарууну жергиликтүү элге калтырышты»,-деди Ош облусунун казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев.

Эскерте кетсек, кечээ 30-апрелде Аалымдар Кеңешинин  чукул жыйыны өтүп, анда Өзгөндөгү жер көчү алдында маркумдарга жаназа окуу боюнча фатвасы чыккан. Ошондой эле Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрүнүн бир күндүк айлык маянасын жер көчкүдөн зыян тарткандарга которулаарын жана 5-май, жума күнү Кыргызстандын ар бир мечитинде жана медресесинде Өзгөндөгү жер көчкүдөн шейит кеткендерге арнап хатмул-Куран окулуп, бата кылынарын айтышты. Муну менен катар  29-апрель күнү Ош облустук казыят жамааты жана райондордун башкы имам-хатиптери Аюу-Сай айылындагы жер көчкүдөн каза болгондордун жакындарынан кабар алып, алгачкылардан болуп акчалай жардамдарын тапшырып келишкен.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: