Кыргыз-кытай чек арасы 30-апрелден 5-майга чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирет.
Алардан айтымында, “Эркештам-унаа жолу” өткөрмө бекети Кытайдын сунушу менен коңшу мамлекеттеги “Эмгек күнүнө” карата жабылат.
Кыргыз-кытай чек ара тилкесиндеги “Эркештам-унаа жолу” өткөрмө бекети 6-майда кайрадан иштеп баштайт.
Эсиңиздерге сала кетсек, “Эркештам” өткөрмө бекети Кытайдан товарларды Кыргызстанга гана жеткирүүнү камсыз кылган атайын алгоритмге ылайык, 2020-жылдын 15-апрелинде ишин баштаган.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ