Menu

Эки аял алууну мыйзамдаштыруу зарылбы?

Бөлүшүү:

Эки аял алууну мыйзамдаштыруу керек деген пикирлер акыркы убактарда кеп айтыла баштады. Мындай мыйзамды кабыл алуу менен улутту сактап калабыз жана 2-болуп тийген аялдын тең укуктуулугун коргоого болот дешүүдө, аталган мыйзамды колдоого алгандар. А каршы чыккандар муну менен маселе чечилип кетпейт экендигин айтышууда. Чынында макул эместер кеп. Өзгөчө аялдар мындай пикирлерге каршы экендиктерин билдиришүүдө. Ким кандай дегенде да, ар ким өз түшүнүгүнө, көз карашына карата оюн айтат эмеспи…

Коомдогу талкууну жаратып жаткан суроо менен биз дагы айрым элге белгилүү болгон жарандарыбызга кайрылып көрдүк.

Бүбүкан Досалиева, журналист:

– Эки аял алуу Кыргызстанда баары көрүп, билип, таанып бүткөн көрүнүш болуп калды. Бир гана өзгөчөлүк – эки аял алууга уруксат берген мыйзам жок, тыюу салынган жобо аткарылган жери жок. Демек, бул биздин коомдогу карама-каршы көрүнүштүн анык далили. Ал эми өзүм эки аял алууга каршымын, ага негиздер: бир аялын, балдарын бага албай жатып башка аялга көз артуу ансыз да көп социалдык жетимдерди көбөйтөт, аялдардын психологиялык жабырлануусун күчөтөт, келечек муундун жалтак, мокок жана кемтик комплекстүү болуп калышына алып барат. Ал эми эки аял алууга кудурети жеткен эркектердин экиден да көп жашыруун аялдары бар экени көпчүлүккө белгилүү.

Жанета, ырчы:

– Ооба, кээ бирөөлөр 2 аял алууну мыйзамдаштыруу керек. Ошондо биз кыргыз улутун сактап калабыз. Экинчи болуп тийген аялдын укугун коргойбуз деп жатышат. Бирок буга мен кошула албайм. 2 аял алуу менен эле бул көйгөйлөр чечилип кетпейт. Азыр бизде эки аялды социалдык жактан камсыздап, жеткиликтүү көңүл бөлө ала турган эркектер аз.

Эки аялды бага ала тургандар мыйзамы жок эле алып, очор-бачар болуп жашап жатат. Мыйзам кабыл алынганда эле иштеп кетээрине көзүм да жетпейт. Мыйзам кабыл алгынган күндө да, аялдардын укуктары тең сакталышына күмөнүм бар. Себеби азыр ар бири эгоист. Эч качан башка аялдын жашоосуна аралашуусун каалабайт. Мындай мыйзамдын кабыл алынышы азыр эрте го. Аң-сезим өсүп, жетилүү керек. Мыйзамдан мурда өзүбүз даяр болушубуз шарт дейм. Коом даяр эмес, мыйзам эч качан элге сиңбейт. Анан да ар бир адам бир гана түгөйү менен татыктуу өмүр сүрүп, бактылуу жашаса ошол деле чоң салым. Улутту өстүрүү үчүн жакшы уул-кыздарды тарбиялап өстүрүү зарыл го дейм.

Кыял Мансурова, кыякчы:

– Терс эле көз караштамын. Азыр заман башка. Илгерки доорго салыштыруунун, ага кайра баруунун зарылчылыгы жок. Замандын талабына жараша өмүр сүрүш керек. 2 аял алууну каалагандар алып эле жатышат. Бирок маселе чечилип кеткенин көргөн жокмун. Биринчи аялы макул болсо деп жатышат. Аял эч качан макул болбойт. Балким, 2 аял алган эркек менен жашаганга мажбур болот. А баса, титулдук улутту сактоо керек деп жатышат. Аны сактоо үчүн сөзсүз эле экиден аял алуу зарыл эмес. Башка да жолдору бар. Азыр бизде аял заты менен эркектер саны жагынан тең эле. Андыктан экиден аял алуунун эч кандай зарылчылыгы жок деп эсептейм. Күйөөсүнө 2-аял алып бергиси келген патриот кыздарга эч ким тоскоолдук жаратпайт. Эрдиктерин элге жарыя кылбай эле жасай беришсин.

Эмилия Бурканова, ырчы:

-Мындай мыйзамдын кабыл алынышына каршымын. Туура эмес деп эсептейм. Азыр бир аял менен ынтымакта жашай албай ажырашып жаткандар абдан көп болуп жатат. Эки аял менен ажырашса алардын тагдыры эмне болот. Канча деген бала жетим калат? Мыйзамды кабыл алган менен жоопкерчиликти эч ким моюнга албайт да. Кайра эле аялдар кыйналышат. Ортодо балдар ата-энесиз өсөт. Ошондуктан мындай мыйзамды кабыл алуунун зарылчылыгы жок деп ойлойм.

Табылды Акеров, саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты

– Мыйзамдаштырууга каршымын. Бүгүн буга мыйзам жол бербегени менен, эки аял алуу көндүмгө айланып баратат. Айрымдар социалдык абалы начар экенине карабай, мусулманчылыкта төрт аял алууга уруксат берилген деп, байларды көрүп эле алып жатышат. Жыйынтыгы кандай болуп жатат? Акыры бага албай, биринчи аялы менен ажырашып, эки ортодо балдары жетим калып жатат. Чынында баланы жарык дүйнөгө алып келүү менен ата – эненин миссиясы бүтпөйт. Баланы багыш керек, билим бериш керек, үйлөп-жайлап, бутуна тургузуш керек. Ырас, кыргызда эки аял алууга тыюу салынган эмес. Бирок бир аял менен жашоо моралдык – этикалык көндүм болуп эсептелген. Эки аял алуу үчүн эркекке кандайдыр бир өзгөчө себеп болушу ылаазым болгон. Маселен, аял төрөбөсө, оорукчан болсо же кандайдыр бир себептерден улам күйөөсүнө уруксат берсе.

-ЭКИ АЯЛ АЛУУНУ МЫЙЗАМДАШТЫРУУ МЕНЕН ТИТУЛДУК УЛУТТУ САКТАП КАЛАБЫЗ ДЕГЕНДЕР ДА БОЛУП ЖАТЫШАТ…

– Албетте, кыргыздарга бул проблема мүнөздүү. Бирок муну чечүү өтө кыйын. Азыр айылдардын демографиясын карасаңыз. Ал жакта аялдар шаарга караганда көбүрөөк төрөйт. Ошондой болсо да мурдагы СССР учурундагыдай эмес. Бүгүн аялдар көп төрөйүн десе деле, экономикалык жана финансылык абал ага жол бербейт. Ошого айылдарда деле аялдар аз төрөп жатышат. Башка айтканда биздин абалыбыз демографиялык өсүү проблемасын өзү жөнгө салып жатат. Шаарларда болсо аялдар 1 же 2 бала менен чектелип жатат. Башка төрөй алышпайт. Финансылык абал мүмкүнчүлүктөрдү бөгөп жатат. Бирок ар бир үй-бүлө ата жана энеден турат десек, анда ар бир үй-бүлө 1 же 2 баладан эмес, тескерисинче 3 же төрт балалуу болуулары шарт. Мына ошондо тиги ата-эне өзүнүн ордуна дагы эки баш кошуп, элдин санын көбөйтүүгө же башкача айтканда, демографиялык проблеманы чечүүгө салым кошот. Экинчи аялды алып алып, андан 1 же 2 балалуу болуу менен демографиялык проблеманы чечүүгө болбойт. Б.а. баланын төрөлүшү менен маселе чечилбейт. Улут өскүсү келсе, элдин санын көбөйтүү үчүн аракеттениши керек. Б.а. ар бир ата-эне 2 баладан башка, кошумча 2 же андан көп балалуу болушу керек.

-Туура айтасыз. Бирок бүгүн мамлекет мындай пропаганда жүргүзө албайт, себеби ал өз элин бага албай жатат.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 76 = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: