Menu

Садыр Жапаров: “Улукбек Кочкоров иштеп жатат. Ал жумушсуз калбайт, бизге андай кадрлар керек, ал УКМКда иштеши зарыл”

Бөлүшүү:

Экс-эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров жумушсуз калбайт. Бул тууралуу кечээ, 2-ноябрда Баткенде калк менен жолугушуу учурунда президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда тургундардын бири Улукбек Кочкоров өзүн министр катары жакшы көрсөткөнү менен, эмне үчүн жумушсуз калды деп сурады.

“Улукбек Кочкоров өзүнүн билими жана профили боюнча УКМКда иштеши керек болчу. Аны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке алып барып, анын ордуна аял кишини дайындоо боюнча пландарыбыз бар эле. Бирок анын ордуна сунушталган аял парламенттен өтпөй калды. Бүгүнкү күндө Улукбек Кочкоров иштеп жатат. Анын жумушсуз калышын каалабайбыз, бизге ушундай кадрлар керек. Мен аны менен жаман мамилем жок, тескерисинче, 2010-жылы биз “Ата-Журт” партиясынан шайлоого чогуу барганбыз. Ал жумушсуз калбайт”, – деди Садыр Жапаров. (Бирок Садыр Жапаров аны кайда иштеп жаткандыгын так айткан жок)

Эске салсак, Улукбек Кочкоров 2018-жылы Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигин жетектеген. Ал “Биримдик” партиясынан шайлоого катышкан, бирок жыйынтыгы жараксыз деп табылгандан кийин, ал кызмат ордуна кайтып келген. 27-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматы берилген арызга ылайык министрдин кызматынан бошотулганын жарыялаган. Бирок кийинчерээк Улукбек Кочкоров кызматтан кетүү тууралуу арыз жазбагандыгын, мындай маалымат тууралуу социалдык тармактардан билгенин айткан.

Анын ордуна экс-вице-премьер-министр Аида Исмаилова талапкерлигин койгон, бирок депутаттар анын ишин сындап, талапкерлигин колдогон эмес.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: